Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 34

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

кыргыз аңгемелери) – Хүсейин Су.

      «Хеже» басмасы – бөлөк мамлекеттердин адабияттарына өзгөчө көңүл бөлгөн басмалардын бири. Ал атайын журнал сандарын даярдоо менен бирге эле, китептерди да басып келүүдө. «Хеже» басмасынан 2014-жылы жарык көргөн ушул китепте, «Хеже» журналына чыккан ар кайсы курактагы жазуучулардын калемдерине таандык аңгемелердин котормолору камтылган. Китептин даярдоочусу – Хүсейин Су. Ал эми чыгармаларды бир нече котормочу которуп чыккан.

      1.27. Çağdaş Kırgız Hikayeleri Antolojisi (Заманбап кыргыз аңгемелери антологиясы) – Орхан Сөйлемез, Халит Ашлар.

      Ушул антологияда совет доорундагы кыргыз жазуучулардын калеминен чыккан аңгемелерге орун берилген. Орхан Сөйлемез жана Халит Ашлар тарабынан которулган китеп «Салкымсөгүт» басмасынан 2009-жылы басылып чыккан. Котормочулар бир жылдары Бишкекте эмгектенип, кыргыз-түрк адабияттарына оозго алынарлык эмгектери менен салым кошуп келишкен.

      1.28. Kırgız Edebiyatı – I (Кыргыз адабияты-1) – Сулайман Кайыпов.

      Кыргыз адабиятын бардык жагынан таанытууга арналган ушул китеп Түркиянын Маданият министрлиги тарабынан энциклопедия түрүндө даярдалган. Долбоордун башчысы жана редактору – Невзат Көсеоглу. Жалпы кеңешчиси – проф. А. Бижан Эржиласун. Даярдаган – Проф. Сүлейман Кайыпов. Которгондор – Исмаил Туран Каллимжи, Абдулмукаддес Кутлу жана Калмамат Куламшаев. Китепте кыргыз адабиятынын жалпы тарыхына, бардык жанрлар боюнча эң биринчи өкүлүнөн, акыркы жылдары эл ичинде билине баштаган өкүлүнө чейинки көп сандагы адабиятчыга орун берилген.

      1.29. Kırgızca-Türkçe Sözlük-2 Cilt (Кыргызча-түркчө сөздүк- II том).

      Түркиялык окумуштуу жана изилдөөчү Экрем Арыкоглу – бөлөк тилдер менен кошо Кыргыз адабияты менен байланыштуу бир нече эмгектердин автору. Анын акыркы эмгеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенген жылдарда, Экрем Арыкоглу, Жылдыз Алимова, Рахат Аскарова жана Билге Каган Селчук тарабынан даярдалган «Кыргызча-түркчө сөздүк» болуп саналат. Эки томдон, 70.000 сөздөн турган сөздүк 2018-жылы «Бенгү» басмасынан жарык көргөн. Сөздүк кыргызча-түркчө сөздүктөрдүн арасынан эң акыркысы жана көлөмдүүсү болуу менен айырмаланат.

      1.30. Tanrı Dağlarının Anadolu’daki İlk Profesör Kızı Gülzura Cumakunova (Теңир тоолордун Анатолиядагы алгачкы профессор кызы – Гүлзура Жумакунова)– Редакторлор: Абдрасул Исаков, Гүлдана Мурзакулова.

      Китеп «Бенгү» басмаканасынан 2018-жылы басылып чыккан. Китепте Гүлзура Жумакунова жөнүндө макалалар, аны менен маек, ошондой эле кыргыз тили, адабияты, тарыхы жана фольклору тууралуу бөлөк тилдерде макалалар орун алган. Китептин редакторлору – Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.

      1.31. Türkistan’da Büyük İsyan 1916 (Түркистанда чоң көтөрүлүш 1916) – Бактыбек Максутов.

      Үркүн темасы Түркияда толук түрдө изилдөөчүлөрдүн жана адабиятчылардын назарына келе элек. Ал боюнча жазылган китептер али аздык кылат. Бирок ошол өксүгөн жагдайды толуктоого арналган эмгектер четинен жарык көрүп келүүдө. Алардын бири болгон ушул китеп, Бактыбек Максутовдун калемине таандык жана Ак падышанын

Скачать книгу