Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 32

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

макала жазылган темалардын бири болуу менен да айырмаланып турат.

      1.5. Haftanın Beşinci Günü (Жуманын бешинчи күнү) – Султан Раев

      Кыргыз адабиятынын постайтматов доорундагы иштемчил калемгерлеринен бири болгон Султан Раев Кыргызстанда «Күндү кармаган бала» повести менен таанылса, Түркияда алгачкы жолу жарык көргөн ушул китеби аркылуу таанылууда. Жазуучунун аңгемелеринен турган ушул китеп 2010-жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Котормочулар – Орхан Сөйлемез жана Халит Ашлар. Жазуучунун ушул чыгармасы – кыргыз адабиятынын Түркияда таанытылуусунда үлгү китептердин бири.

      1.6. Tımarhane (Жиндикана) – Султан Раев

      Султан Раев акыркы жылдарда Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде оозго алынган, бир нече сыйлыктарды алган жазуучу болуу менен айырмаланат. Анын чыгармаларын убагында Ч. Айтматов да мактаган. Ушул китеби 2018- жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн. Бул китеп жазуучунун Түркияда жарык көргөн экинчи аңгемелер китеби болуп саналат. Котормочусу – Орхан Сөйлемез.

      1.7. Yorgunluk Şiirleri (Чарчоонун ырлары) – Омор Султанов

      Омор Султанов – кыргыз адабиятынын аксакал акындарынын жана коомдук ишмерлеринин бири. Анын көптөгөн чыгармалары бөлөк тилдерге которулган. Ал эми ушул китеп Ибрахим Түркхандын котормосунда 2015-жылы «Беңгү» басмаканасынан басылып, Түркияда жарык көргөн агайдын туңгуч китеби болуп эсептелет. Омор Султановдун кыргыз адабиятындагы орду баарыбызга белгилүү. Сексен ырды камтып, анын 80 жылдык юбилейине арналып чыккан ушул китеп аркылуу, түрк адабият күйөрмандары кыргыз адабиятын, кыргыз ырын жакшы тааныйт деген ойдобуз.

      1.8. Ak Yol (Ак жол) – Омор Султанов.

      Ушул чыгарма, кээ бир сынчылар тарабынан, «дүйнөнүн эң жакшы сүйүү романы» деп айтылган Ч. Айтматовдун «Жамийла» чыгармасындагы сүйүү түшүнүгүнө каршы жазылган. Жарык көргөн жылдары Кыргызстанда талкуу жараткан ушул чыгарма Түркияда да окурмандарын тапты деген ойдобуз. Китеп 2016- жылы «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.

      1.9. Biz Babasız Büyüdük (Биз атасыз чоңойдук) – Ашым Жакыпбеков.

      Айтматовду Айтматов кылган адамдын бул чыгармасы Айтматовдун чыгармаларынан бөлөк, Түркияда алгачкы жолу басылган чыгармалардын бири болуп эсептелет. Жакыпбеков кыргыз тилин чыгармаларында мыкты колдонгону менен да айырмаланган. Бул китеп 2010-жылы «Беңгү» басмаканасынан басылып чыккан. Котормочулары – Орхан Сөйлемез жана Кемал Гөз.

      1.10. Zor Zamanlar (Кыйын кезең) – Мукай Элебаев.

      Мукай Элебаев – кыргыз адабиятынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ал кыргыз адабиятына зор салым кошкон. Ушул китеп анын түрк тилине которулган экинчи китеби болуп эсептелет. 2010-жылы Орхан Сөйлемез жана Халит Ашлардын котормосунда «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.

      1.11. Aytmatov’un İzinden (Айтматовдун изи менен) – Айдарбек Сарманбет.

      Акыркы жылдарда, түрк мамлекеттери менен тыгыз байланышта болуп, китептери менен котормолору жарык көрүп келе жаткан жазуучулардын бири

Скачать книгу