Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 37

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo

Скачать книгу

макалада «Евразия жазуучулар биримдигинин» кыргыздар боюнча жасаган иш-чаралары, жарыялаган эмгектери боюнча сѳз болмокчу.

      Ачкыч сѳздѳр: Евразия жазуучулар биримдиги, кыргыздар, адабият.

      The Contribution of The Writers Union in Eurasia to Kyrgyz Studies

      Abstract

      This article examines the activities and publications of The Writers Union in Eurasia on Kyrgyz people.

      Keywords: The Writers Union in Eurasia, Kyrgyzs, literature.

      «Евразия жазуучулар биримдиги» (ЕЖБ) 2006-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында Йакуп (Жакып) Ѳмероглу тарабынан курулган. Йакуп Ѳмероглу ошол күндѳн бери ЕЖБ тѳрагасы кызматын аркалап келет. Биримдиктин негизги максаты Евразия чѳлкѳмүндөгү, ѳзгѳчѳ Түрк дүйнѳсүндѳгү жазуучулардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болуп эсептелет. Ушундан улам биримдиктин мүчѳлѳрүнүн кѳпчүлүгү чет элдик акын- жазуучулардан (жетимиш жетиси чет ѳлкѳдѳн, алтымышы Түркиядан) турат. ЕЖБ жаш жазуучуларга адабият курстарын уюштуруу менен бирге жаштардын эмгектеринин жарыяланышына жардам берип келет.

      ЕЖБ кыргыз адабияты, тарыхы жана маданиятынын Түркияда таанытылышына албан салым кошуп келүүдѳ. Биримдик өз кеңсесинде адабиятчы жана айдың кишилерди эскерүү кечелерин, жаңы басылган китептердин бет ачарларын ѳткѳрүп турат. Мисал келтире турган болсок, азырга чейин ЕЖБда Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Токтогул Сатылганов, Мукай Элебаев боюнча жыйындар, Гүлзура Жумакуновага арналган китептин жана Кожогелди Култегиндин ыр жыйнагынын бет ачарлары уюштурулган. Мындан сырткары, 2007-жылдын 25-27-октябрында ЕЖБнын колдоосу менен Элазыг шаарында ѳткѳрүлгѳн 15-Эл аралык Хазар поэзия кечелери Чыңгыз Айтматовго арналган. Залкар жазуучубуз катышкан иш-чаралардын алкагында шаарда «Айтматов» атындагы парк дагы ачылган. Залкар жазуучуларыбыз Чыңгыз Айтматов, Тѳлѳгѳн Касымбеков жана Султан Раев ЕЖБге ардактуу мүчѳ болуп шайланган.

      ЕЖБнин эшигинин кыргыздарга ар дайым ачык экендигин айта алабыз. ЕЖБде Кубаталы Топчубаев, Рахат Абдиева, Нурабүбү Борсокеева, Назгүл Кадырова жана Салтанат Асанбекова сыяктуу кыргыз жаштары эмгектенип, тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушкан.

      ЕЖБ 2008-жылдан бери «Түрк дүйнѳсү адабий журналдар конгрессин» уюштуруп келүүдѳ. Кыргызстандан аталган конгресске ѳкүл катары Омор Султанов жана Айдарбек Сармамбетов катышышкан. Белгилей кетчү жагдай, ЕЖБ 2015-жылы Омор Султановду «Түрк дүйнѳсүнүн адабият адамы» деп жарыялаган.

      2017-жылдын 14-18-август күндѳрү Стамбулда ЕЖБ тарабынан «Түрк дүйнѳсү жаш жазуучулардын жолугушуусу» ѳткѳрүлүп, ушул иш-чарага Кыргызстандан Алтынбек Исмаилов, Чолпон Оразалиева жана Элдияр Элчибек уулу катышышкан.

      2008-жылдан бери биримдик «Махмуд Кашгари Барскани» атындагы аңгеме конкурсун уюштурууда. Конкурс республикалык жана эл аралык болуп эки этапта ѳткѳрүлѳт. 2008-жылы Элмира Ажыканова, ал эми 2012-жылы Айдарбек Сармамбетов эл аралык «Махмуд Кашгари Барскани» атындагы аңгеме конкурсунда байгелүү орундарга татыктуу болушкан. Кошумчалай кетчү жагдай, 2007-жылы ЕЖБ Махмуд Барсканинин 1000 жылдыгын утурлап, залкар бабабыздын алигиче табыла элек болгон «Китаби жевахирин нахв фи лугатит түрк» эмгегин тапчу кишиге 1000 түрк алтыны бериле тургандыгын жарыя кылган.

      ЕЖБнин «Бенгү» атында ѳзүнүн басмаканасы бар. «Бенгү» 12 жылдын аралыгында жүздѳгѳн китеп чыгарууга

Скачать книгу