Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 39

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

салуугаэч кимдин акысы жок. Аны ар бир адам жакшы түшүнөт жана билет.

      Ошондуктан “жашоонун негизги сырларынын бири – туура дем алып, дем чыгаруу” болуп эсептелет.

      Дем алып дем чыгаруу менен денедеги ток өткөргүч каналдар денеге энергияны өз нугунда бөлүштүрөт жана камсыздайт, өмүрдү узартат ден соолукту чыңдайт.

      Дагы бир эске сала кетүүчү жана өтө этият мамиле кылууну талап кылган нерсе, бул– моюнга тагылган галстуктку катуу кысуу, бири-бири менен урушканда тамактап моюнду бууп муунтуу, чач кырктырганда фартук менен моюнду бууп коюуу же желкеге капыстан уруу бул ден соолук үчүн эле эмес, адам өмүрү үчүн дагы өтө көп коркунучту алып келүүсү мүмкүн. Себеби, моюндагы уйку бездерин, эки миндалды, лимфатикалык бездерди бууп же кысып коюшу мүмкүн. Ал мээдеги кан айлануунун бузулушу, кислороддун жетпей калышына алып келет. Ошон үчүн ар бир адам ар кандай шартта өзүңдү өзүң сакта. Моюнуңдун коопсуздугуна көңүл бөл, айрыкча башка адамдардын колунун тийисүүнөн сактануу керек. Дем алууну кыйындатпай, моюнду өтө сыкпай, өзүңө ыңгайлуу болгондой дем ал.

      Бирок дем алууну туура эмес жасасаң ден соолукка зыян кылаары белгилүү. Айрыкча оорулуу адамдар дем алууңарга көңүл бөлгүлө. Ооруунун алгачкы башталышынын бирден бир себепчиси, туура эмес дем алуудан экендиги эчак эле далилденген. Интернетте атайын туура дем алуу үчүн видеолор көп, айрыкча россиялык врач Бутейко, туура эмес дем алуу кантип оорууну күчөтүп, тез өлүмгө кантип алып келээри жөнүндө жакшы түшүндүрөт. Терең дем алуунун зыяндуулугу жөнүндө айтып, кантип дем алууну нормага келтирсе болоору жөнүндө практика жүзүндө көрсөтөт.

      Түшүнүү үчүн көнүгүү:

      Ооздон чыккан желди, кыялыңда каалагандай элестет, мээр төгүп жакшы көрүү менен, төмөнкү сөздөрдү ой менен ойло, сүйлө, айт, сезимиң менен сез.

      – Менин денем, кечир мени, түшүнбөстөн ушунча жылдар бою өзүмдү, кыйнагандыгым үчүн?!!! (б.а. өзүңдөн өзүң кечирим сурайсың, өзүңдү өзүң кечирүү, башкларды кечирүү менен барабар).

      – Өткөн жашоодогу болуп өткөн окуя – бул менин турмуштук тажрыйбам, деп күнөөлүү сезим пайда болгондо өзүңдү өзүң кечирүүнү үйрөнөсүң жана кемчиликти кайра кайталабоого өзүңдү тарбиялап, өткөн жашоодон бошоносуң.

      – Өзүмдү өзүм кечирдим. Өзүмдөн өзүм кечирим сурайм. Ыраазымын! Мээр төгүү менен коюп жиберем!

      – Мен сени жакшы көрөм, мен өзүмдү жакшы көрөм

      – Менин дем алуум өз нугуна келди. Мен туура дем алып дем чыгарып жатам.

      – Менин денем автоматтык түрдө өүнүн дем алуу формасына келди.

      – Менин дем алуум бир калыпка түштү. Мен ритимдүү дем алып жатам!

      – Менин ден соолугум өз нугуна келди. Нур айлануу, кан айлануу өз нугуна түштү. Ден соолугум чыңдалды!Эми, мен мына азыр ден соолуктун толкунундамын! Ушул сезимиди мындан ары көбөйтүп жатам.

      – Мен сени колдойм! Мен өзүмдү колдойм!

      – Мен өз жайымдамын! Сен

Скачать книгу