Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 35
Негизги көңүл ар бир адам өзүңдүн сүйүнүчүндө болушу керек. Ошондо ата-эне, тууган урук балага жардам берип, ишинин ийгиликтүү болуп, ден соолукта болушуна чон салым кошмок. Бир эле убакта урук туугандардын да сезими жакшырып, өздөрүн көңүлү көтөрүңкү жайдары сезмек.
Жыйынтык качан болот? Качан кана ар бир адам өзүнүн жашоого болгон көз карашын, оюн, сөзүн, кыялын, сезимин жакшыртып, каалаганын аткарганда кана болот. Ал үчүн албетте ар бир адам өзү кошо аракет жасоо керек.
Ушундай шартта иштесе ата өзүнүн өмүрүнө өмүр кошмок. Ден соолугу чың болуп, кайратына кайрат кошулуп көңүлү шат болмок, ден соолугу чыңдалып, өмүрү узармак. Ата баласына эле эмес, өзүнө өзү дагы жардам бермек.
Күнүмдүк кубанычы, ден соолугуна өбөлгө болуп, буттарына күч кубат кирип, денесинин иштеши чыйралып келечекке ишенимдүү кадам коймок. Бели бекемделип, омурткасы түзөлмөк. Ал эми, бир үй – бүлөдө бир канча адам бар да, ошонун баарына кайгыра берсе ден соолук жөн эле, эшиктин чаңын шыпыргандай талаага чачылат, ошону эске алсаңар. Ар кандай “коркунуч” ден соолукту кажып жейт, алдыга жыдууга тоскоолдук кылат. Ошондуктан коркууну токтотуп, жасап көрүүгө өтүү керек.
Ошондо кана “коркунучуң – ишенимге айланып”, өзүн бай бакубат сезип, бүкчүйгөн бели түздөлүп, денеси бекемделип, өзүнүн урпактарына узун өмүрдү, чың ден соолукта жашоону, бактылуу турмушту “мураска” калтырмак.
“Карынын сөзүн капка сал” , демекчи, силердин “таза оюңар”, “каалоо” , “ниет” , “тилегинер” ар бир урпагыңдын Ааламдагы банкына, казынасына түшө турган түгөнгүс, чексиз, ченемсиз, баа жеткис байлык, алтын, “мурас” экендигин унутпасаңар.
Ата – энелердин ден соолукта, узак жашоосу урпактардын узун өмүр жашоосунун “булагы, фундаменти”.
Канга, генге, бешенеге, алаканга, ар бир клеткада бүткүл денеге жазылган түбөлүктүү мурасы, тагдыры, ден соолугу болот. Ал тагдыр бир эле урпактардын тагдыры эмес, мамлекет тагдыры да болуп эсептелет. Жалпы элдин тагдыры, мамлекет тагдырын түзөт. Келечек урпактардын денесине жазылган маалымат б. а. “тагдыр” күнүмдүк турмушта айтып келе жаткан – кудай жазган тагдыр болуп жашоодо пайда болот.
Мына ошол тагдыр – “ар бир секунда” сайын ар бир адам аркылуу өз денесинде өзү башынан өткөргөн жашоо менен жазылат.
Эми “оюн оңго бурган ата менен баланын” тагдырын анализдеп көргүлө. Азыр, ата баласы жөнүндө жакшы ойлоо менен өзүнүн жекече тагдырына кандай өзгөртүү киргизди?