Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 33
Өзүнө өзү тың, жаратканды билген адам – ар кандай тоскоолдуктан чыгууга күчү жетет же тоскоолдук түзбөй улам маселесин өз учурунда чечип жеңил жасап, жашоосуна ырахаттып жашап барат. Ал үчүн: ӨЗҮҢӨ ӨЗҮҢ ИШЕН! АР БИР АДАМДЫН КҮЧҮ ӨЗҮНҮН ИЧИНДЕ! ЭҢ ЧОҢ КҮЧ БИР КАНА ӨЗҮҢДӨ экендигин ар дайым эсиңде сакта!
Өзүңдү учур чакта кандай акыбалда көрсөттүң, кандай сөз сүйлөдүң, кандай иш аракет жасадың, ошону негиз кылып, калганын айлана чөйрөң өзү каалагандай чыгармачылык менен өздөрүнө жаккандай кылып көркөмдөп кооздоп алат. Ал эми, сен өз дүйнөңдө негизги жаратуучу күч өзүңсүн. Өз турмушуңду өзүң каалагандай өзгөртүп алуу колуңдан келет. Негизгиси “аң сезим менен түшүнүп жаса”. Ар кандай нерсеге кайра – кайра ар кандай суроолорду берип, мээнин иштешин активдештирүү зарыл. Түшүнүү үчүн албетте ар бир адамга турмуштук тажрыйба керек. Сабырдуулук, чыдамкайлык, изденүү, изилденүү, билим алуу, өнүгүү керек.
Жашоонун маңызы мына ушундай. Бул жашоого келгениңдин себеби, жашоонун ырахатын көрүп жашоону үйрөнүү, жаратуу, жыргап жашоо үчүн келгениңди ар дайым эсиңде сакта!
Эмне үчүн өзүңдү өзүң колдоо зарыл?
Өзүңдү өзүң колдобосоң, албетте сени эч ким колдобойт, себеби ар бир адам сезими менен ар кандай шартта маалымат талааңдагы энергияңды сезет жана ошого жараша мамиле кылат. Сенин денең, өзүңө болгон мамилеңди күзгү сыяктуу чагылдырып көрсөтүп турат. Денең сенин тагдыр китебиң, учур чактагы акыбалың сенин ким экендигиңди көрсөтөт. Ошон үчүн кээ бир адамдын жанында өзүңдү шайыр, ден соолукта сезсең, кээ бир адамдын жанында шалдырай түшөсүң.
Ошондуктан акыбалыңа көңүл бөлүп, ар бир адам өзүн өзү колдоосу керек.
МЕН ӨЗҮМДҮ СҮЙӨМ ЖАНА КОЛДОЙМ!
МЕН ӨЗҮМДҮ СҮЙӨМ ЖАНА КОЛДОЙМ!
МЕН ӨЗҮМДҮ СҮЙӨМ ЖАНА КОЛДОЙМ!
Деп күнүгө эстеген сайын айтып жүргөн жакшы натыйжа берет. Күзгүгө каранып айтсаңар андан да тез таасирин берип, денедеги ооруулардын кетишине түрткү берет жана тез айыгат.
Күзгүдөн өзүңдү күнүгө эртең менен көргөндө:
“ Мен кандай бактылуумун, сулуумун!”
“Менин ден соолугум чың, ден соолук мени менен бирге!”
“Мен күндөн күнгө жашарып баратам, сезимимде күчтүүмүн!”
“Бүгүнкү күн мен үчүн эң сонун күн, жашоо кандай сонун!”
“Мага дагы бир күн жашоого мүмкүнчүлүк берилди, бүгүнкү күнгө ыраазымын!”
“Менин