Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 29
Аял денеси “сүйүү нурун” кабыл алып чачыратуучу. Аялда да эркектердей күч бар, бирок сен энесиң, баланы өстүрүп дүйнгө, жарыкка чыгаруучусуң. Учур чактагы милдетиң кандай? Туура түшүн, турмуш шартка жараша ыңгайлашып жаша.
Сенин милдетиң – “сүйүү нурун чачыратып, бүт дүйнөгө мээр чачуу, сүйүнүп, бар нерсеге ыраазы болуп жашоо, каалаган нерсеңди эркин жасап, жаратып жашоо”. Сүйүү менен жашаганды билип, аны балдарыңа үйрөтүү.
Өзүңдүн денеңди өзүң ук! Аң сезимиңдин түшүнүгүн жогорулат.
“ Мен өзүмдү өзүм уга билем, сезе билемин”
“ Мен өзүм менен өзүм ынтымактамын”– деген ишенимди бекемдөөчү сөздөрдү пайдалансаң жардамы сөзсүз болот. Ал үчүн өзүңдүн күчүңө өзүң ишенип өзүңдүн “аң сезимиңе өзгөртүү киргизүү” керек. Кабыл алуу өзүңдүн аракетине жараша болот.
Иштөө тартипти өзүң каалагандай түзүп алсаң болот.
Эркек денеси “сүйүү нурун” кабыл алып, “куч – кубатын көбөйтүүчү”. Ошондуктан, эркекке “Күч” берилген. Оор нерсени эркек адам көтөрүп, бир ордунан экинчи орунга жылдырууга толук күчү жетет, эгерде өзүнүн күчүнө өзү ишенсе. Албетте, эркек адам дагы өзүнүн омурткасынын ден солуукта болуусун өзү кана сактоосу сөзсүз түрдө зарыл. Ошон үчүн өтө оор нерсени шок көтөрбөй, биринчи өзүңдү өзүң камдашың керек. Ар кандай оор нерсени көтөрүүрдөн мурун терең дем алып, денени ырастап, андан кийин көтөрсө дененин булчундары болжогон нерсени көтөрүүгө алдын ала даярданат. Ар кандай буюмду шок көтөрүү дененин жабыркоосуна, омуртканын кокустоосуна алып келет. Омуртка аркылуу денеге, жашоого болгон нурлар тынымсыз өтүп, туш тарапка чачырап турат. Омуртканы кокустатуунун натыйжасы ар кандай турмуштук проблемаларга, бир эле ден соолук эмес, үй бүлөлүк, финансылык, мамлекеттик проблемалардын келип чыгышына алып келиши күтүлөт.
Кээ бир убакта ойлонбой туруп, шашкан учурда, жаныңда турган кол арабаны да көрбөй калган күндөр болот. Ошон үчүн ар кандай нерсени жасаардан мурун “байкоо жүргүзүү” ден соолукка өтө пайда жана ой жүгүртүп, байкоо жүргүзүү сен үчүн -эң сонун жардамчы!
Ар бир адам эртең менен өзүңдү өзүң “арендага” берип, бир күндүк жашооңду байкап көрсөң.
Арендага берүү деген – бул өзүңдүн жасаган жумушуңа, сүйлөгөн сөзүңө, ойлогон оюңа өзүңдү өзүң сырттан карап байкоо жүргүзүү. Бул өтө кызык. Өзүңө өзүң таң калган күндөр көп эле болот. Эң негизгиси өз кемчилигиңди өзүң көрө баштайсың. Кээде күлөсүң. Эмнеге мурда ушуну ойлободум экен деп, өзүңө өзүң таң калган күндөрүң дагы болот.
Сөздөрдүн арасынан бир эле сөздүн ордун алмаштырып айтуу айлана чөйрөгө жана өзүңө кандай таасир