Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 32

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

талантын ачууга жардам берет. Өзү сүйгөн жумушту жасаган адам өзүн бактылуу сезет. Аларды кичинекейинен “жок” деген сөздү туура пайдаланууга үйрөтөт.

      А биздечи, ойду эле эмес сүйлөп жаткан сөздүн маанисине карабай сүйлөөнү адатка айлантып алышкан. Ал нерсе албетте жеке эле адамга эмес, мамлекеттин дагы өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.

      Мен үчүн “өзүм менен өзүмдүн иштөөмдүн” жыйынтыгын тактаган көптөгөн китептердин авторлорунун эмгектери негиз болуп эсептелет: В. Синельников, А. Некрасов, С. Лазарев, А. Коновалов, Н.Жикаренцев, Барбара – Эн – Бренан, Сан Лайт, Вернон Вульф, “Секрет” кинофильмдеринин авторлору, белгилүү психология тармагында эмгектенгендер З.Фрейд, Атонио Менегетти, С.В.Ковалев, Вернон Вульф ж.б.у.с.

      ХХ1 Кылым “ аң сезимдүү түшүнүүнүн кылымы” – кайра жаралуунун кылымы б.а. ар бир адам өзүн өзү түшүнүп, өзүнүн мүмкүнчүлүгүнөн кеңири пайдалана баштайт. “Жаңы кылым жаңы жашоо, жаратуу кылымы, жашоонун жогорку дэңгээлге көтөрүлүү кылымы, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн кылымы!!!”

      Ар бириңер өз көз карашыңар менен карап көргүлө. Жашоого болгон көз карашыңар кандай? “Жанды” кыйнап жашоо керекпи?

      Эмне үчүн эркектер оң тарабынан, аялдар сол тарабынан көп паралич болот? Өзүңөрдүн мүнөзүңөрдү, кыялыңарды, сезимиңерди анализдеп, талдап көргүлөчү. Өзүң үчүн кам көрүп, денеңди машыктырасыңбы?

      Мээнин активдүү иштеши үчүн сунуштар:

      Өзүңө болгон ишеним. Билбеген ишке макул болуу. Бул адамды ойлонтууга мажбурлайт, жаңы нерсени үйрөнүү менен мээде кан айлануу жакшырат.

      Тыйын. Көздү жуумп алып же көрбөй туруп кол менен кармап тыйындарды ажырата билүү. Айрыкча бирөөнү күтүп турганда чөнтөккө колду салып тыйындарды кармалап аныктоо убакытты тез өткөрөт жана кыжырданууну токтотуп, ашыкча тынчсыздануудан, нерв коротуудан сактайт.

      Билим алуу. Бул жаңы энергия. Ар кандай билим жаңы идеяларды, жаңы багыттарды көрсөтөт. Билбеген нерсени үйрөнүү көнүмүш адаттан кутултат, денеге кан айланууну жакшыратат.Оруча билсең англисче үйрөн, аны билсең фрацуз тилин үйрөн же оюң менен эсепте.

      Айрыкча 40 – 50 жаштан кийин кан коюланууга өтө баштаганда “жаңы тил үйрөнүү” мээнин иштөөсүн жакшыртып, карылыктан алыстатып, жаңы жашоого шарт түзөт, эске тутууну жакшыртат.

      Эмне үчүн төмөнкү мисалды бөлүп-бөлүп кайталап жатабыз? Себеби, кээ бир нерселерди түшүнүүгө оңой болуш үчүн. Ата-баланын мамилесине анализ.

      АТА : Ал эми атанын “келечектен корккону” – бутунун ооруусуна алып келет. Күнүгө ойлой берип, “коркуусу” бутунун баспай калуусуна шарт түзөт.

      Көзүнүн көрүүсү начарлайт. Караңгыда эшикке чыгуудан корко баштайт. Келечектен коркуусу ар кандай көз оорууларына, кечки “карама көр”, караңгыда көрбөй калууга ж.б.у.с.шарт түзөт.

      Ал деген атанын өзүнө болгон ишенимин начарлатат, иммундук системасы начарлап, сөөктөр бошой баштайт.

      Омурткасы

Скачать книгу