Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 41
Мына ушундай жол менен ар бир адам өзүнүн терс ою менен иштесе болот. Басып баратып өзүн өзү мактап:
Мен өзүмдү баардык кемчиликтерим менен кабыл алдым, себеби ал менин турмуштан алган тажрыйбам!
Мен күчтүмүн! Мен өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алдым! Өзүмдү өзүм сүйөм жана колдойм! Мен ден соолуктамын! Каалаган нерсемди оңой эле кантип жасоону билемин! Мен ар дайым ийгиликтин толкунундамын! Мен баймын! Мен кантип акчаны көбөйтүүнүн жолдорун жакшы билемин! Мага акчалар ар кандай жолдор менен тез– тез келип мага пайдалуу кызмат кылат! – деген ойлорду үн чыгарып айтсаң дагы пайдасы чоң.
Себеби, басып баратканда ойлогон ойлор тез аткарылат, ошон үчүн жаман ойлорду ойлогондон сак бол! Физикалык денеде, сырткы дүйнөдө “аң сезим” иштейт, ал эми “ички, жан дүйнөдө”болсо өзүбүз түшүнбөгөн, башкара албаган, билбеген”жогорку аң сезим ”Дух– Рух” иштейт. Мына ошол аң сезимге жан дүйнө тең салмактуулукта болуусу үчүн, ойлордун тазалануусу зарыл.
Эми, төмөнкү суроолорду ар ким өзүңө берип көр.
Менин ойлорум менен айлана чөйрөдөгүлөрдүн, мен түшүнбөгөн, өзгөчө байланышы барбы?
Эгерде байланышы болсо анын жаратылышы кандай?
Мен ал ойлорду өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн пайдалансам болобу?
Мага пайдалуу жагы барбы?
Бул деген нерсе өзүбүздүн оюбуз менен иштеп, ден соолугубузду оңдоп, жашообузду жакшыртууга жардам берет, дүйнөгө болгон көз карашты жакшы жагына бурат.
Жогорудагы көнүгүүлөр өтө эффективдүү метод. Бул методду адатка айлантуу үчүн практика керек. Ал эми практика эч канча убакытты албайт. Күнүгө бир аз келген оюңа көңүл бөлүп жасоо, ден соолукка чоң таасир берет. Кайсыл жерде болбосун иштесең болот.
Сезимиң начарлап, дене шалдырап, уйкусуроо башталганда эле жасай кой. Себеби, ошол мезгилде денедеги энергетикалык , нур айлантуучу центр же чакра начарлай баштаган болот. Аны өз нугуна келтирү үчүн, денеге кыймыл, позитивдүү ойлор, көңүлдү көтөрүүчү, дем күч берүүчү сөздөр, жагымдуу жыпар жыт, даамдуу тамак– аш керек.
Дененин алсыраганы, тиешелүү нурлардын денеге жетишсиздиги. “Нур” – денени, ар түркүн түстүү нурлар менен денеге жылуулук берип, керектүү микроэлементтерди, витаминдерди, аминокислоталарды, коферменттердин нурлары менен камсыз кылып, иштетип турат. Физикалык дене ден соолукта болсо баардык денедеги системалар өз нормасында иштей баштайт.
Ден соолугу чың адамдын нур айлануусу өз нугунда болсо эч кандай дары – дармекке, адамдардын көңүл бөлүп сүйүүсүнө муктаж болбойт. Себеби, денеге керектүү нерселердин баары нур аркылуу, тамак– аш , аба, күн нуру аркылуу денеге кирип турат. Көңүл көтөргөн адамдар менен жолугуп, жашоонун ыраазычылыгын айткан адамдар менен мамиле түзүп, чын дили менен сүйлөшө баштайт.
Албетте, арабызда ар кандай адамдар бар. Оң позитивдүү