Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 44

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

кайтып келет. “Шаровая молния” тийип күйүп кеткен адамдар алар кимдер? Эмне үчүн ошол адамды издеп таап күйгүзөт? Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Эмнени көп ойлоп, сүйлөп сезимиң менен жөнөтсөң ошону көп өлчөмдө алаарыңды ар дайым эсиңде сакта.

      Мына жогоруда ой жөнүндө айткандай эле, сөз дагы ошол эле тартипте иштейт. Болгону кубаттуураак.

      Себеби, “ОЙ + СӨЗ” башкача айтканда – “эки күч” бирикти. 40квт. күчтүүбү же 150 квт. күчтүүбү? Бир токтун линиясына экинчи токтун линиясы уланып кубаттуулугу күчөдү, сөзсүз түрдө ылдамдыгы да күчөйт. Образдар, элестер дагы ачык, так, көркөмдүү болуп бул жашоого (материализация болуп) келет.

      Мурда ойлоп коюп кана жүргөн болсоң эми, сөз менен ал ойду активдештирдиң, күчкө киргиздиң. Анын кубаттуулугу эки эсе көбөйдү. Натыйжада ишке ашыруу б.а. каалаган нерсеге жетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк болду.

      Өзүңөр байкап көргүлө. Байкоо жүргүзүүдө да токтоп калбоо керек, өз нугунда болсун, маанисин түшүнгөндөн кийин аны коюп жиберүү керек б.а. унутуу керек. Ал нерсеге ток бербесең өчөт. Токтун күчү өзүңдө ден соолук болуп калат, жашооң уланат. Ошон үчүн күнүмдүк жашооңду өзүңө жаккандай жаша.

      “Учур чак менен жашап үйрөн!”

      “Окшош нерсе, окшош нерсени тартат”. Бул закон ченемдүүлүк. Ар бир ойлогон ой, сүйлөгөн сөз үчүн – ар бир адам өзү кана жоопкер. Өзүң ойлондуң, сөзүң менен кубаттап күчтөнттүң. Эми жообун өзүң аласың.

      Жашоонун “сыры” мына ушунда.

      Ден соолукту бузуучу сөздөр кайсылар?

      Өлүгүңдү көрөйүн, өлүк канаңды көрөйүн – жашоонун энергиясын жабат, ден соолукка зыян кылып адамды ар кандай оорууга түртөт

      “Энеңди, атаңды сөзгө кошуп айтып уят сөздөр менен сөгүнүү” – жыныстык органдардын иштешин начарлатат, эркектерде бөйрөк, табарсык, аялдарда жатын, бөйрөк оорууларын пайда кылат.Жыныстык органдарды сыйлабагандык урпактардын тукумсуздугуна, кызтекеликке, гейлердин дүйнөсүн курууга алып келет.

      “Мени какшаттың, тилимди сайратпа, тамагың буулуп калсын, тилиң кайрылып калгыр” – тилдин ар кандай ооруларына шарт түзөт, тамак ооруулары пайда болот, үн чыгаруу, кызыл өңгөч жабыр тартат, адам өзүнүн оюн ачык айта албай, адамдык касиетин, талантын ача албай калат. Эркин өз оюн айта албай, тартынчаак, жалтанчаак болуп калышы мүмкүн.

      “Көзүң кашайгыр, көзүң көрбөй калса экен, көр болгур, көр, сокур, караңгыда карбаластап калсаң экен” – ар кандай көз оорууларына алып келиши күтүлөт, келечек жашоого ар кандай коркунуч туудурат, көз айнек тагууга туура келет.

      “Кара-жерге кир, жер жутуп кетсин, карайып кал” – адамдын өнүгүү, өсүү жолу тосулат, иши жүрүшпөй, коркунучу күчөп, ар кандай кырсыктарга дуушар боло баштайт. Жашагысы келбей калат, каргыш аркылуу жашоонун энергиясын жабууга жардам берет.

      “Бутуң баспай калсын, шал болуп калсаң экен, бутуң сыныр, такымың сынсын” – мындай сөздөргө дене сөзгө катуу маани

Скачать книгу