Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 47
Ал кыймылдап да койбойт, кабагым кашым дебейт, мен анын ордунда болгум келбейт, териси жука, анын аласы ичинде же сыртында, таза эмес, жийиркеничтүү – ар кандай тери орууларына, аллергияга алып келиши күтүлөт
Башым катты, башымды койдум, башыма урсаң да эч нерсе чыкпайт, ал турган турушу менен баш ооруу, башың менен жер казсаң да, башымды урдум, башың иштебейт, башы жок десе – мигрень, баш оруунун түрлөрү, аба ырайына көз карандылык, ар кандай баштан жаракат алуу (травма)
Аксап калсаң экен, эки бутуң баспай калса экен, буга эч нерсе өтпөйт, эч нерсе жакпайт – тарамыш түйүлүү, бут тартышуу, подагра
Терим чыгып кетти, чыдамым кетти, күйүгүп кеттим, ыссыкка, суукка чыдабайм – гипертония, давлениенин аз же көп болушу
Жашоо ширин болсо да мен үчүн ачуудай, ачуум, жиним, кыжырым келет, боордо отурат, боорду жедиң го – өт, боор оруулары, семиздикке алып келет
Көргүм келбейт, көрсөң коркосуң, көрүп эмне кылам, көрүнбөйт, жарыкка жетиш кыйын – ар кандай көз оруулары
Уккум келбейт, үнүңдү бас, жаагыңды жап, кыйкырык, дүкүлдөк, тилиңди тарт, үнүңдү бас – дүлөйлүк, кулак угуунун начарлашына, тил тиш орууларына алып келиши күтүлөт
Мени титиретет, башымды оорутпа, башымды айлантпа, чыдамым кетти, чыдамым жарылды, чегине жетти – депрессия, стресске, ар кандай нерв оорууларына алып келиши күтүлөт.
Эми, кайсыл сөздөрдү көп пайдаланасың, ошого көңүл бөл.
Менин колумдан келбейт– мен билбейм – мен жасай албайм –мен сөз бере албайм – бул нерсе менден эмес – мен буга жоопкерчиликти алгым келбейт – жасаганга аракет кылып көрөм – өзүмө өзүм ишенбейм – мен ага татыктуу эмесмин – убакыт келе элек – бирок, мен аны жасашым керек – болушу мүмкүн эмес – менде тандаш (выбор) жок – менин эрки жок– эрким начар -деген сөздөрдү көп колдонсоң анда өзүң менен өзүң иштөөгө туура келет.
Ден соолук керек болсо– “ сөзүңдү тизгинде, тилиң тишиңе күбө болсун!” Ооруудан айыккың келсе өзүңдү кайрадан тарбияла. Эмоцияңды башкара бил! Оюңду түздө, ден соолукту чыңдоочу сөздөрдөн пайдалан.
Аларды оңдоочу, сөздөргө канат байлоочу эң оңой сөздөр булар:
Мен жасай алам, менин колумдан келет.Кантип жасаганды билемин!
Баардыгы болуп жатат, жасап жатам
Мен жасаганды ниет кылам, каалайм, ишке ашырууну ниет кыламын. Ниетим кабыл болду. Каалаганым ишке ашты.
деп өзүң үчүн жоопкерчиликти алып, чечим чыгарсаң эле денең жаңы программа менен иштөөнү баштайт. Ар бир жакшы ой келгенде “Ооба, дал ошондой болушун каалайм!”– деп өзүңдүн сезимиңди бекемдөө зарыл. Бул мотивация , дем берүүчү сөздөр адамдын активдүүлүгүн жогорулатат. Ар кандай көңүлгө жаккан жагымдуу сөздөрдү угуп, кыялга келген убакта “Ооба”– деген сөз менен кыялданып ошол ойго сөзгө күч кубат бергенде каалаган нерсе тез аткарылууга кетет.
Ушул