Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 49

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

style="font-size:15px;">      Эмнеге каршы болдуң?

      Кандай сөздөрдү көп сүйлөдүң?

      Жыйынтыгы эмне болду?

      Мен да көптөгөн адамдар сыяктуу эле убагында өзүмдүн сүйлөгөн сөзүмө өзүм маани бербей “тамаша”,– деп, керексиз сөздөрдү, кээде ашыкча сөздөрдү көп сүйлөп койчумун.

      Сөз менен ар бир адам өзүнө өзү “чек” коюп, өзүн өзү “программалай” турганын түшүнгөн эмесмин. Өзүмдүн айткан сөздөрүмө жооп берген күндөр көп эле болду.

      Андай нерсени ар бир адам өз турмушунан байкаса болот.

      Өзүбүзгө өзүбүз “программа” түзүп алып, менин “айтканымдай болду”, деп мактанган кез ар кимде эле болот. Жамандыкты түзбөй, жакшылыкты түзүү албетте ар бир адамды сүйүнтөт эмеспи. Ошон үчүн ар кимдин жакшы жагын көрө билүү, жашоого жеңилдик алып келээри түшүнүктүү болду.

      Ал эми оюң менен түзүп, сөзүң менен бекемдеген программанын керексизин бузуу үчүн “түшүнүк”, “билим”, “кылдаттык”, “зээндүүлүк”, “сезимталдык”, “өз убагында түшүнүү”, “керектүү суроону позитивдүү берип”, “сезимди өзгөртүүчү жооп” керек экен.

      Ал үчүн ар бир адам “өзү менен өзү иштеп”, кетирген кемчилигин, өзүнүн терс кыялын өзү көрө билип, түшүнүү албетте, “убакытты” талап кылат.

      Мисалы, мен 1993 жылы ноябрь айында райондук «Суу чарба башкармалыгына» башкы эсепчи болуп дайындалдым. Кошунам мага, “сен бул жумушта иштей албайсың” дегенде, “көрөсүң мен бул иште 10 жыл иштейм” деп айткам.

      Убакыт өтүп, онунчу жыл башталганда ден соолугума байланыштуу иштен чыгуу үчүн арыз жаздым. Арызыма жетекчим кол койбой үч ай сүйрөдү. Акыры арызымды “профсоюз уюму” аркылуу каттоодон өткөрүп, областтык башкармага жөнөтсөм, иштен бошотуу “буйругу” 9 айдан кийин келди. Жыйынтыгы келип мен өзүм айткан туура 10 жыл толгон күнү 27 сентябрда буйрукту колума алып жумуштан бошондум.

      Дагы бир мисал, 2004 жылы көпчүлүк эл сыяктуу эле мен дагы Россияга барып, иштеп материалдык акыбалымды жакшыртайын деген, өзүмдү жооткоткон ой менен жашаган мамлекетимден чыгып кеткем. Ал убакта менде “намыс”, “уят” деген мүнөзүм өтө күчүндө болуп нормасынан ашык эле. Чындыгында, менин ден соолугум ошол кезде иштеп, акча таба ала турган акыбалда эмес болчу. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө “өлүмдөн коркуу” күчү аябай күчтүү болчу. Өзүмдү өзүм алаксытып, мүмкүн жашап кетээрмин деген кана “үмүт” мени алыс жолго түрткөн. Көрсө адамдык фактор менен жөн кана өзүмдү өзүм “коркутуп”, өзүмө өзүм программа түзүп алып, өзүмдү өзүм убактылуу алдаган экенмин. Аны көп убакыттар өткөндөн кийин түшүндүм.

      Ошентип, узак жолго чыгып, Россиянын Иркутск шаарына поездде, жолдо бара жатканда негедир өзүмө өзүм “мен 7 жылга баратам” деген ой кайра – кайра келип, поездде бирге бара жаткан жанымдагы бейтааныш аялга “кыялымда мен 7 жылга баратам” деп айтканымды кийин эстедим. Ички сезимимде көпкө чейин кайтып келбей турган “сезим” болгон.

      Ал сөзүм, оюм албетте,

Скачать книгу