Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 52

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

мурун өзүңөрдүн акыбалыңарга көңүл бөлсөңөр, себеби ар бир бала, өзүңдүн жашооңду улантуучу.

      Мындай нерсени түшүнө албаган ата-эне бир убакта өздөрү жете албай калган максатына жетүү үчүн уул кыздарынын, неберелеринин жардамы аркылуу ошондогу каалоо, ой – тилектерин ишке ашырып келүүдө. Бул нерсени “тагдыр”(карма) деп түшүнөбүз. “Ата же эне кесибин уланттым!”– деп кээ бири сүйүнүп айтса, кээ бири көңүл кош айтат. Себеби, сүйүнгөнү ал сүйгөн кесибинде эмгектенгени, чарчап, көңүл кош болгону, ал башка бирөөнүн программасы менен жашаган адам болуп эсептелет. Себеби, “сүйгөн кесипте иштеген адам эч качан нааразы болбой изденип, чыгармачылык менен, кесибин сүйүү менен иштейт. Ал эми,”жоопкерчиликти мойнуна асып, күч менен иштеген адам, чарчап, эртерээк эс алууну каалайт. Андай сезимдер ар бир адамдын ичинде, ички дүйнөсүндөгү өмүрү. Кесибиң жакпаса жаш курагыңа карабай, каалаган убакта башка кесипти тандоого болот, ал өзүңдүн кабыл алган чечимиңе жараша болот. Узак, ден соолукта жашагың келсе, сезимиңди байка.

      Бул, жашоо, турмуштук өнүгүү. Кээ бири “аң сезиминин” өнүгүүсүнө карап каалаганына эрте жетсе, кээ бири эми тамыр алып, мөмөсүн жеп көрүүдө. Ар кимдин өнүгүүсү, жашоосу, басып өтө турган жолу, турмуштан алган тажрыйбасы ар башкача, өнүгүүнүн ар кандай этабында.

      Ал эми, жашоону “түшүнүп, тандап” жашагандар сейрек кездешет. Азыркы учурдагы көпчүлүк жаштар болсо “эркин адамдар, эркин жашагысы келет”. “Эркиндик– бул өтө кымбатка тура турган сезим!”. Аны кээ бири көп ачкага сатып алса, кээ бири өзүн өзү тарбиялоо менен бекер ала алат б.а. өзүндөгү эркиндиктин сезимин ойготуп, эркиндикти башка жактан издебей сезими менен сезип күчүнө киргизе алат. Кантип, ”Барда көппөй, жокто чөкпөй жашаганды билет!”

      Ата– эненин ошол кездеги “жогорку билим алуу сөзсүз түрдө керек” – деген коркунучу алиге чейин “аң сезиминде” жашап жаткандыктан, өтө сезимтал кээ бир жаштар “жакшы бала болгусу келип” же мээр төгүү жетпегендиктен бир диплом аздык кылып, дагы окушум керек деген ниет менен ата-эненин “көңүлүн” өзүнө каратат. Ал эми,кээ бир жаштарга окуган жагат, себеби, иштегиси келбейт. Ата-эненин каржылоосу аны канааттандырат. Ошондуктан студенттик курагын дагы узарткысы келет. Ал эми, кээ бири ата-эненин каалоосун аткаргандыктан окуган кесиби боюнча иштеги келбей, башка тармакта иштегиси келгендиктен өзү каалаган кесипте билим алгысы келет. Ал сыр ар кимдин өзүнө кана белгилүү. Ошондуктан “өзүңдү өзүң угуп, кандай болсоң ошондой кабыл ал!” Жакпаганын өзгөртүүгө толук акың бар.

      Мезгилге жараша жаштар, биз билген нерсени “ички дүйнөсүндө” б.а. өткөн жашоосунда бизден мурда жашап, басып өткөндүктөн, аларды өзүңдүн шаблонуңа салып тарбиялоонун кереги жок. Мен аны түшүндүм. Силерге да ошону каалайм. Билбеген нерсесин жөн кана кантип жасоону көрсөтүп койгон оң болооруна көзүм жетти, калганын өздөрүнүн фантазиясына жараша жасап кетет. Алардын жаны турмуштан тажрыйба алып такшалган, ошон

Скачать книгу