Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 54

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

тарабына оорчулук келтирет дагы, тең салмактуулук бузулуп, жашоону кыйындатат. Материалдык дүйнөнү көбөйтүүнүн үстүндө иштеген адамдын жаны кыйналат. Ал эми руханий жактан кана өнүккөн адам материалдык жактан жабыр тартат. Ошон үчүн эки багытты тең алып барган ыңгайлуу.

      Эгерде, адам өзүнүн “ким экендигин” түшүнүүнү каалабаса, анда ал адам “денеси менен жогорку аң сезимдин, космостук аң сезимдин ортосунда” калкып жашайт. Мына ушул убакта энергиянын агымынын өтүүсү начарлап, адамдарда физикалык денеде ар кандай ооруулардын пайда болушуна шарт түзүлөт, жашоодо ар кандай проблемалар келип чыгат. Ошон үчүн айланып, кыйынчылык менен өтүп жаткан энергияны кыймылга келтирип, иштетүүнүн жолу “өзүңдүн ким экендигиңди издөө, түшүнүү, таануу, кабыл алуу”.

      Өзүңдү өзүң таанууну каалабасаң анда сен башкалардын башкарылуусуна оңой берилесиң. Жашоонун башка жагын көрүү мүмкүнчүлүгү өөрчүбөй калат. Мен мындай нерсени учурунда түшүнбөстөн жан дүйнөмдүн кыйынчылыгынан чыгуунун жолун издеп жүрүп бара-бара түшүнө баштадым. Менин жашоону ”түшүнүүгө” болгон кызыгуум өзүм “сезгенден” 14 жашымдан башталган. Ага чейин да өтө сезимтал болгондугумду эми түшүндүм. Себеби, көп таарынчумун.

      “Таарынчаактык” – бул дагы өнүгүүгө түрткү берүүчү күчтөрдүн бири, эгерде изденүүгө, түшүнүүгө аракет кылсаң. Ал эми, тескери жагы болсо, адамды оорууга алып келет. Чындыгында, мен ошол өткөн кезде болуп жаткан окуяны кандайча болуп жатканын сырттан көрүп түшүп, өзүмдүн жасаган иш аракетимдин жыйынтыгы эмнеге алып келээрин алдын ала көрө алган болсом кайдан таарынмак элем. “Көрө-көрө көсөм болсун !“ – дегендей ал кезде тарынычтын нугун өзгөртүүнү билген эмесмин. Ошон үчүң, “таарынычымды” өз өлчөмүнөн көбөйтүп пайдаланып өзүмдүн жашоомо зыян келтиргендигимди кийин түшүндүм. Жана өзүмдү ар кандай кемчилигим менен ошол убакта кандай болсом ошондой ыраазы болуу менен кабыл алдым.

      Мына эми, убакыт өткөндөн кийин, мен өзүмдүн эмнени “изденгендигимди” түшүнүп, эми кана “өзүмдү өзүм” бааладым, жашоодон алган тажрыйбама ыраазы болдум. Ошону менен бирге “менин таарынычым” жашоомду алдыга түртүп”жашоо эмне экендигин түшүнүүгө жардам бергендигин түшүндүм. “Өзүм менен өзүм иштөөнүн” пайдасы өтө чоң экендигине убакыт өткөн сайын ишене баштадым, аны өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен таксыктаган мени менен мамилелеш адамдар дагы көбөйө баштады.

      Мен ал кезде билген көргөнүмдү ачык айта албай, “сезимимди” ички дүйнөмдө кысып, көпкө кармап, ар кандай оорунун ээси болуп, өзүмдү өзүм кыйнап жүргөндүгүмдү билдим.

      Эми, “сезимиңди ичте кармап, ачык айта албагандык – ар кандай ооруунун башаты” экендиги көпчүлүккө жаңылык эмес экендиги анык.

      Учурунда түшүнбөстөн, качан кана, өзүмдүн жашоомо өзүм анализ жасай баштаганда, “таарынчактык” мени алдыга түртүп, “намысым” мени “күрөшкө” үгүттөп, “жашоонун жеңил жолун издеп”, “эркиндикке чыгууга” аттанган экенмин. Бирок, “эркиндикти” башка жактан издөөнүн кажети жок экендиги дагы убакыт өткөндөн кийин мага түшүнүктүү болду. Ошондой эле

Скачать книгу