Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 58

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

баштап ар бир адам “өзүн– өзү күнөөлөөнү токтотуп”, анын ордуна физорядка, көнүгүүлөрдү жасап, спорт менен машыгып, же массаж жасоочу көнүгүүлөрдү жасап, жеген тамагынын сапатына көңүл бөлүп, мануалдык терапиянын кызматынан пайдаланып, кыймылды көбөйтүү керек. Кыймыл менен денедеги энергия жеңил айланат, өмүр узарат.

      Изденген адамга жолдор өтө көп. Ал үчүн ар бир адамдын өзүнүн “каалоосу болуп аны аткаруусу” зарыл. Тилекке каршы, эч нерсени каалабаган адамдар да арабызда арбын кездешет.

      Компьютерде көп отургандар, кагаз ишинде көп иштегендер денедеги кыймылдын аздыгынан денеси жабыр тартып, жүрөгү кыжаалатчылыкта болгондугуна көп маани бере беришпейт. Башты ийип көпкө отуруу, моюн омурткаларынын тамак жагын кыса баштаганда, энергиянын агымы, курсакка көбүрөөк бурулуп, бош турган жакка кете баштайт, ал эми дененин арт жагынан келген энергиянын толкуну моюн ийилип көпкө отурган мезгилде, башка кан айлануунун өтүүсү начарлап, кыймылсыз турган желкеде туз болуп уюп баштайт. Ошон үчүн мезгил– мезгили менен ордунан туруп, омуртканы кыймылдатып туруусу ден соолук үчүн пайда.

      Эгерде омуртка активдүү болбосо денеде кыжаалатчылык көбөйөт. Омуртканы активдештирип, нур өтүү каналдарын калыбына келтирүү, албетте – “сөз”, “ой” менен бирге айкалышып, кыймыл аркылуу аткарылып туруусу керек. Ошондо кана, айткан нерсе өз ордунда орундалып, жашоого жеңилдик түзүлө баштайт. Бул нерсени айтуу оңой, бирок аткарууга келгенде ар кимде ар кандай шылтоолор көп. Өзүңдүн адамдардан жашырган “сырың өзүңө кана белгилүү, ошон үчүн өзүңө өзүң эч качан жалган айтпай, чындык” менен мамиле кылган ден соолугуңа пайда. Ал эми, ден соолукта болуу жана аны сактоо ар бир адамдын өзүнүн колунда. Күнөөлүүнү издөөнүн кажети барбы же жокпу? Аны өзүңдү анализдөө менен улам-улам түшүнүп барасың.

      Ооруу кантип түзүлөт?

      Ойлогон ойдун таасири аз да болсо түшүнүктүү болду го деген ойдомун.

      Сүйлөгөн сөз окуяны кандайча тездетерин байкагандар ынанган болсоңор керек. Эми, дагы алдыга жылуу керек, кантип, кандайча аларды бүгүнкү күн менен байланыштырабыз же учур чак менен жашай алабыз?

      Билгендерибизди бекемдөө үчүн бир канча суроолор???

      Өзүңө өзүң кожоюнсуңбу? Жооп _________

      Ойлогон оюңа өзүң кожоюнсуңбу? Жооп_________

      Сүйлөгөн сөзүңө өзүң кожоюнсуңбу? Жооп________

      Жасаган ишине өзүң кожоюнсуңбу? Жооп_______

      Өзүңдүн денеңе өзүң кожоюнсуңбу? Жооп ________

      Өзүң менен өзүң ынтымакта жашайсыңбы? Жооп______

      Өзүңдү өзүң кантип укканды билесиңби? Жооп ________

      Эмнени кааларыңды так билесиңби? Жооп _______

      Сага эмне керек экенин түшүндүңбү? Жооп _______

      Өзүңдү өзүң кантип угууну үйрөндүңбү? Жооп _____

      Азыр, ушул учурда сага эмне керек? Жооп _______

      Кандайча кадам шилтей аласың? Жооп ______

      Күчүң

Скачать книгу