Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 55

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

көргөндөн кийин толук көзүм жетти. Бул сөздөр күнүмдүк жашоодо пайдаланып жүргөн эле сөздөр, бирок маанисине түшүнүп “өз ордунда пайдалануу” денеге жогорку натыйжа берет.

      Көптөгөн китептерди окуп, ар кандай адамдардын кеңешин угуп төмөнкү сөздөр таасирдүү экендигин түшүнгөндөн кийин жашоомдо пайдалана баштадым.

      Таза ойдун толкунундагы ойлор, ден соолукту чыңдоого жардам берет. Албетте бул сөздөрдөн пайдалануудан мурун өзүңдөгү терс мүнөзүңдү көбөйткөн программаңдан арылуу керек. Антпесең позитивдүү сөздөрдү ыр жаттагандай жаттап айтканың менен таасири чоң болбойт. Мен аны өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан билем жана көп жылдар убактымды короттум. Ошондуктан дагы сырдуу жана сыйкырдуу нерсе жөнүндө кичине түшүнүк бере кетейин.

      Мисалы сен аябай таарынчааксың. Кичине бирөө сөз менен намысыңа тийип койсо болду, таарына түшөсүң. Аны кантип жасап жатканыңа көңүл бурмак түгүл түшүнгүң келбейт. Се үчүн сени таарынткан адам “күнөөлүү”. Себеби, сен бирөөнү күнөөлөгөндү аябай сонун өздөштүргөнсүң. Эми, убакыт келди. Күнөөлүү эч ким жок!

      Анын ордуна : Мен аны кантип жасап жатам? Эмне үчүн таарынам? Таарынганда денемде кандай өзгөрүү болду? Мээмдин кайсыл тарабы кысылып, кыжырым тез келип кетти? Байкап көрөйүнчү? – деп байкоо жүргүзүү ден соолукка өтө пайда. Себеби, таарынычыңды токтотуу менен сен өзүңдүн ден соолугуңду сактап каласын. Өмүрүңдү узартасың. Ошону өзүңө өзүң түшүндүр.

      Мисалы: Сен апаңа дайыма таарынасың. Денеңди бош карма эки колуңдун сөмөкөйү менен баш бармагын бири-бирине шакече кылып кийгиз дагы өзүңө өзүң суроо бер? Менде, апама болгон таарынычым барбы? Эми, шакекчени ажыратып тартып көр. Эгерде оңой ажырап кетсе, анда таарынычыңды сактабайсың. Эгерде таарынычың көп болсо шакекче ачылбайт, манжаларын бошотпой кармап калат. “Мен апама таарынам!”– деген программадан кантип бошонсоң болот. Тикеңден туруп же отуруп жасасаң болот. Убакыт өтүп үйрөнүп калгандан кийин, өзүңдү жаман сезбеш үчүн кайсыл жерде жасасаң да боло берет. Мындай программалар өтө көп– жолдошуңа, кызыңа, уулуңа, келиниңе, кайын журтуңа, коллективиңе, жигитиңе, сүйгөн кызыңа ж.б.у.с таарынасың Негизгиси, жанды кыйнаган программалардан арылуу. Денеңди бош карма. Көзүңдү жуумп алсаң сезгенге жакшы болот. “Мен апама таарынам!”– деген программа мээмдин кайсыл бөлүгүндө жайгашкан? Мага белги бер?– деп сурасаң эле баштын ичинде кыймыл башталат. Тартышат, сайгылашат, кычышат,мээнин ичинде кысылуу же ооруу болушу да күтүлөт. Бул убактылуу сезим андан коркуштун кереги жок. Корккондун ордуна денеңе ыраазы бол. Ал сени угуп сага жардам берип жатат. Жараткан Алла талаам өзүң жардам бер! Менин мээмдин ичиндеги “Мен апама таарынам!” – деген программаны өчүр! Өзгөрүү баардык тармакта тең жүргүзүлсүн! Ал программанын ордуна:”Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис! Мен жараткандын жетилген сүйүктүү адамымын! Мен сүйүүнүн толкунундамын!Мен апамды сүйөмүн!Мен ата-энемдин бактылуу баласымын! Мен эң сонун жашоого татыктуумун! Менин дүйнөмө менин уруксаатымсыз эч кимдин кирүүгө

Скачать книгу