Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 57

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

толкунга уланып калгандыгыма убагында көңүл бөлгөн эмесмин. Мисалы телевизорду биринчи каналга коюп койсоң башка каналга бурганга чейин ошол каналды көрсөтө берет да. Туурабы? Ошондой эле адамдын “көңүлү” – (пульт управление) башкаруучулук кызматты аткарат. Учур чакта эмнеге көңүл бурсаң ошого уланасың. Эмнени көп ойлонсоң ошол каналга кызмат кыласың. Эми, өзүңдүн кыялыңа көңүл бөл жана ойлогон оюңду анализде?

      Ошон үчүн бирөөнү сөз кылаардан, ойлоордон мурун, өзүң ошол акыбалга тез эле келип калаарыңды унутпа. А мен болсо,бул нерсени түшүнгөндөн кийин, өзүмдүн түшүнүгүмө жараша ар бир адамдын “жакшы жагын көрүп, аны бактылуу, бай, ден соолукта болуусун ниет кылып калдым”. Себеби, менин башымдан эмне Ааламга кетсе ошол нерсе кана көбөйүп келээрин түшүндүм.

      “Ой” менен “сөздүн” биригип бир багытка бурулушу – бул деген ар бир адамда “эки тарапта тең салмактуу” күчтүн пайда болгону. Себеби, эки чоң “нур толкуну бир нукка бурулду”.

      Бул деген жасай турган иштин үчтөн эки бөлүгү. “Ден соолуктун чыңдалышы”, айтылган “сөзүң” “оюң” менен дал келе башташы.

      Ал нерсе, “өзүң менен өзүң ынтымакка келүү” деген сөз. Моюн омурткалардын түздөлүшү, үндүн бийик, кайраттуу чыгышы, өзүңө болгон ишенимдин күчөшү. Көздөрдүн көрүшү жакшырып, мурун, жыт билүү, угуу сезимдеримдин башкача айтканда “беш сезим” күчкө толуп, ден соолуктун чыңдалышы. Кан айлануу тездеп, чачтардын өсүшү өз нугуна түшүп, мээнин оң жана сол жарым шарларынын, гипоталамустун (тимустун) гипофиздин, эпифисдин жакшы иштеши, нейрондордун б.а. клеткалардын, молекулалардын жаңыланышы, эндорфиндердин, сиротониндин, мелатониндин, гармондордун өз нормасында бөлүнүшү, бүткүл дененин иштешинин активдешилиши. Эске тутуунун жакшырганы.

      Сөздөр өтүмдүү, таасирдүү, уккулуктуу болуп, айта турган ойдун ачык, так даана боло башташы. Каалаган максаттын бир четинен ишке аша баштаганы.

      Айткан сөз, жасаган иш менен дал келип, “жалганчы” – деген кемсинүүдөн кутулганы. Себеби, моюн омурткаларынын жабыркашы сөз менен ойдун бир нугтан ажыроосуна алып келет. Албетте, эки колдун уюп, талып калышынын бирден бир себепчиси, ал сөзсүз башка органдардын иштешине, айрыкча жүрөктүн иштешине өтө чоң таасир берери анык. Мээге кислороддун жетиши начарлайт. Мойну жооноруп мээге кан айлануу жайланат, моюн омурткаларынында туз уюп же грыжа пайда болот жана көпчүлүк учурда сөзү менен кана “сөз берем!” деп алып, аткарууга келгенде ойдогудай болбой “жалганчы” атка конуп, кулак, моюну кызарып өзүн ыңгайсыз сезип калат. Ошентип, айткан сөзүндө туруш үчүн “актанууга” туура келет. Андай адамда ар кандай терс ойлор пайда болуп, нерви начарлап, жаңжалкеч болуп айлана чөйрөдөгүлөр менен мамилеси бузула баштайт. Албетте көзү начарлап, угуу органдары, тиштери жабыр тарта баштайт. Жакындарынын айткан сөзү кулактын сыртынан өтүп, көп нерсеге маани бербей калат. Жаман, арам ойлор көп келип, көзү жер тиктеп, көкүрөгүнө таш коюп койгондой оорлошуп, жүрөгүндө

Скачать книгу