Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 45
“Алкаш, ичкич, түтүн булаткыч, нашакор, наркоман, селсаяк” – аң сезимдин каналын жабат, ойдун келиши начарлайт, ойлонуу каналы “Мага о дүйнө, бул дүйнө баары бир” деген жашоонун алкагына уланат. Баш айлантуучу нерселерди пайдаланганда ал өзүн баардык чектелүүдөн бошотот, да “уят” деген сезим жоголот. Төмөнкү аң сезимдеги дүйнө менен болгон байланышы ачылып, ар кандай көңүл айланткан жаман жыт, ал үчүн атыр жытын жыттагандай эле сезилет. Денеси ошол толкунга ыңгайлаша баштайт. Эч кандай жоопкерчилик жок жерде дене кароосуз калат, ал өзүнө өзү кожоюн боло албай калат. Себеби, адам өз денесине өзү кожоюн эмес, позитивдүү ойлонуунун каналы жабылган, анын аң сезими жаныбарлардын алкагына улангандыктан, ар кандай сөлөкөттөр денесине оңой кирип, каалаганын жасатат.
Ж.б.у.с. сөздөрдү адамдар бири-бирине ойлонбостон дежурный сөз катары пайдаланып, жакын, күнүгө бири-бири менен мамиле түзүп жүргөн адамдар, ата-эне, бир туугандар, бирге иштегендер, классташтар, достор тамаша катары же жини келгенде ойлонбостон, сөзгө маани бербестен “жөн эле жиним келип айтып койдум да” ,” ээ ушуга да капа болосуңбу тамашалап эле койдум” – деген ой менен бири-биринин ден соолугун кантип бузуп жаткандыгын элеске албай жашашат. Ошондуктан ар бир адам жерде тоголонуп жаткан селсаяк, алкаш дагы, баардыгын башкарган президент дагы – өзүнчө өзгөчө адам, экендигине маани берип, ар бир адамдын “данегин, чыныгы адамдык касиетин” ойготууга түрткү берип, адам катары көрүүгө үйрөнүшүбүз зарыл. Себеби жашоонун маңызы ошону менен кызык. Жаралуунун терс, жаман жагына эмес, жакшы жагын куруу, өнүү, өсүү жагына түзүү баардык адам баласына, жер бетиндеги жашоого ыңгайлуу шарт түзөөрү түшүнүктүү.
Эми, жогорудагы айткандарга далил катары дагы кененриээк түшүнүк болсун үчүн кайталоо жасайлы. Себеби, ар бир адам өзүн өзү актагысы келет, ой менен өзүнүн жасаганын кабыл ала албай ички дүйнөсүндө өзү менен өзү күрөшөт. Ошондуктан бул нерсе ар бир адамга белгилүү, бирок ал күрөштү бирөөгө ачык айткысы келбейт. Себеби, элдин баары эле ушундай сүйлөйт, эч нерсе болбой эле жүрөт го деп ойлошот. Ошон үчүн ал адамга өзүнө өзү түшүндүрүү үчүн так далил керек.
Кайсыл сөздөр ден соолукту бузуучу сөздөр экендигин немец психологу Пезешкиан изилдеп тапкан. Мен азыр ошол негизги ден соолукту бузуучу сөздөрдү эске салайын, себеби ал сөздөрдүн маанисине анчалык көңүл бөлбөстөн көпчүлүк адам бири-бирине зыян кылып, тагдырын бузуп, өмүрүн кыскартып, ден соолугун бузууга салым кошуп келе жатканы анык. Бул чындык. Ал эми, чындыкты айтуу биринчи иретте өзүңө керек. Өзүңдө өзүң калп айтууга болбойт. Ошол нерсени үйрөнгөн адам кыйналбай жашаар эле. Ошондуктан бул сөздөрдү түшүнгөндөн кийин, ар бир сүйлөгөн сөзүңө