Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 21
Ошондон кийин калмактардын кыргызга кол салуусу такыр токтоду окшойт. Калмактардын элдешкис жоосу Монголдор болуп калган эле.
КАРЫЯНЫН БАЯНЫ
Анда- мында санжырачы карыя менен кезигише калганда алтын шилекейин чачыратып бизге өзү билген баянын тажабай айтып берет. Анын алтын сөздөрү биздин кулагыбызга жат болгон. Биз кээде «Ушунча баянды ал кантип унутпай жүрөт» – деп таң калабыз. Абышка теңир көктү ойго батып карап алды да, анан бир аз жайлана отуруп сөзүн баштоого киришти.
***
Анда мезгил жайдын ортосу болуп, күн ачык жаадырап тийип турган чагы эле. Долон бийдин кошууну Касиеттү Каркыра жайлоосунан көлдү аралап Нарынга карай кетип баратты. Чынгыз хандын кошууну кыргыздарды кууп келатты. Алдыда жол чалган эркектер бар. Эгер шектүү шыбырт билинсе, токойго же далдаа капчыгай, чуңкурга кире качат. Ал эми курал жаракчан жигиттер көчтү душмандан коргоп келатат. Жолдо чебердеп жүрбөсө жаман ушундай капсалаңдуу оор учурда монголдордун же калмак тайпаларынын черүүсүнө учураса, Долон бийдин аз кошуунун майкандап салышы ыктымал болчу. Айтпадымбы, бий өтө сак жана кыраакы эле. Кандай да болбосун чапкында калбай өз журтун аман алып калуунун камында болду. Балдарым ошентип, «Ажут-Мажут» деген желмогуз эл Теңир Тоого бобу биз турган ушул Ала Тоого каптап кирип келди. Бул жердеги кыргыздар жан айласы кылып ары-бери удургуп тентип кирди. Алар баягыдай эле түштүккө Жерге -Талга, Ош, Жалал-Абад жакка кача баштады. Ошентип биз турган жакка эң тынчсыз абал пайда болду. Согуштун жүзү курусун Чынгыз хандын жоокерлери эч кимди аяган жок. Шаарлар баш ийбейби, баардыгын жексен кылып талкалап келатты. Жердин үстү кан жошолонуп адамдар эмне кылаар айласын билбей калды. Жортулчуулар Каркыра жайлоосуна кирип келип ал жакты будуң-чаң кылып жатты. Жакшы куралданган монгол кошууну беш жүз эле ал эми, Долон бийдин кошууну миңге чукул болчу Жоокерлер каруу жарактарын белендеп, айбалталарын курчутуп, кылычтарын тапташты. Алардын айбаттуу айбаталары кыңгырап, кылычтары шыңгырап, өлүмдүн үнү угулду. Жоокерлер аттарынын көкүлүн сылап, чап өлөңүн бек тартып, көмөлдүрүгүн кыскартып,