Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 65

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

өзү кана билет. Өз башымдан, турмушумдан алган, тарбиям жөнүндө, алган билимим жөнүндө жазып, ой пикиримди көпчүлүк менен бөлүшкүм келет. Себеби , кээ бир адамдар менен мамиле түзүү менен, турмушта мен аралашып жүргөн көпчүлүк адамдар бул тармакта түшүнүгү такыр жок, же жетишээрлик эмес экендигине көзүм жетти. Ошон үчүн изденип, түшүнгүсү келген, жашоосун өзгөрткүсү келген адамдар үчүн мен жазган маалыматтар керек экендигине көзүм жетти.

      Жашыңа карата өнүгүүнүн этаптары кандай?

      Жаш өзгөчөлүккө карата өнүгүү этаптары өзгөрүп турат же класстан класска, тепкичтен тепкичке көтөрүлгөн сыяктуу. Ошондуктан убакыт өткөн сайын адамдар ар кандай акыбалга түшөт. Жаш кезектеги өнүгүү этапты баардыгыбыз жакшы түшүнөбүз, себеби наристе бала дайыма “кубанычтын, сүйүнүчтүн, сүйүүнүн нурунда” болгондуктан аны оңой түшүнөбүз. Жаш балдар дайыма жашоонун таттуулугун, кубанычтуулугун өнүгүү, өсүүнүн нурун өздөрүнүн денеси аркылуу чагылдырып айлана чөйрөгө чачыратып турат. Ал эми жылдар өткөн сайын адамдардын жашоого болгон шарты өздөрүнүн жашоо шартына жараша ар кандай акыбалга келет. Жана кандай образда өмүр сүрсө ошол жашоонун ээси болушат, бирок аны баардык эле адам туура түшүнө бербейт. Ошондуктан, аз да болсо кыскача жаш өзгөчөлүк боюнча маалымат бере кетүүнү чечтим.

      Өнүгүүнүн этабын түшүнгөндөн кийин адамдар арасындагы келишпестиктер азайып, бирин – бири түшүнүү оңой болуп калаарына ишенем. Эми, каалаганың керектүүсүн пайдалан, түшүнгөндөн кийин өзүңдү өзүң кайрадан тарбияла. Өзүңдү биринчи тааныганды билбесең, дүйнөнү таануу оңойлукка турбасын өз тажрыйбам менен түшүнүп келе жатам. Ошондуктан өзүңдү жашоонун кайсыл этабында тургандыгыңа жаш өзгөчөлүгүңө карап көңүл бөлүп карасаң?

      Албетте, ишенбегениң өзүңө жаккан жашооңду улант. Демек, сен ”түшүнүү” этабына али жете элексиң, ага жетишээрлик турмуштук оң же терс тажрыйба, билим керек. Кээ бириң мындай нерсени туулгандан эле билесиң, ошон үчүн мен жазган сөздөр сен үчүн жаңылык эмес болушу да мүмкүн. Өнүгүүнүн кандай этабында болсоң да сен үчүн “күмөнсүрөө” албетте күчөйт. Ким эле бир укканда же окуганда баш оту менен кирип, ишенмек эле. Менин өзүмдө да ушундай ишенбестиктер, күмөнсүрөөлөр өтө көп кездешкен. Ошол кежирлигимден жашоонун көп шириндиктеринен кур калгандыгымды мойнума аламын. Себеби, “ашыкча күмөнсүрөө”, канчалык алдыга жылдым деп шерденсең да кайра эле эски ордуңа кайтарып алып келип кое тургандыгы мен үчүн түшүнүктүү. Ишенбеген адамды булдьозер менен сүрүп алдыга жылдырсаң да кайра эле өз ордуна барып турат, анткени ал адамдын “аң сезиминин” деңгээли жогорулаган жок. Ал өзүнүн деңгээлиндеги түшүнктүн алкагынан да жогорку алкакта жашоо бар экендигин кабыл ала алган жок. Ошон үчүн ал адам кежир, айтканынан кайтпайт, өз билгенин жасайт. Качан кана өзү түшүнүп, ошол чылаадан чыкканга “өзүнүн каалоосу” пайда болгонго чейин ошол деңгээлде тура берет. Эгерде түшүнгүсү келбесе, кежирлиги сөөкө сиңип, көкүрөгүндөгү сезим таштай катып топтолуп,

Скачать книгу