Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 66

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

илими боюнча бир канча этапта жашап өтөт.

      Ал жашоонун этаптары төмөнкүлөр:

      6 жашка чейин балалык курак

      12– 18 жаш курак ар кандай дүйнө таануунун, өнүгүүнүн этабы, жеткинчек курак

      18-30 жашка чейин профессионалдык өздөштүрүү

      30-42 жаш курак структуралык өздөштүрүү (үй бүлө күтүү, балдар, жумуш, карьера)

      42-54жаш жашоодо ар кандай окуяларга күбө болуу, байкоочу көз караш менен жашоону түшүнүү, өзүңдү сырттагы адамдар аркылуу көрө билүүнү өздөштүрүү убагы. Өзүңдүн ким экендигиңди толук түшүнгөн убак.

      54-66 жаш курак тазалануу, жаңылануу, ачылуу курагы. Жашоону түшүнүп, сүйүп, өзүң менен өзүң ынтымакта болуп, кубандыруу, ыраазы болуп жашоо убагы.

      66 жаштан жогору “ акылдуу” болуудан өтүп, “акылмандуулукка” ээ болуп, жашоого ырахаттанып, ыраазы болуп жашайт. Урмат сыйдын ээси болуп, өзүн өзү сыйлап, ар кандай убакта жашоого акылмандуулук көз караш менен карап, башкалардын жашоосуна киришпей жашоого өтөт.

      Эми мындан ары мен дайыма – ден соолукта болууну чечтим.

      Бай, бактылуу жашоону ниет кылдым. өзүмө өзүм ден соолукта болууга уруксаат бердим.

      Ден соолугум күндөн күнгө чыңдалып, өзүмдү чыйрак сезип бара жатам.

      Эми, дагы ден соолукту активдүү иштетүүчү өзгөчө суроолорду берип көрөлү:

      Кантип ден соолукта болуп жатам?

      Ден соолукта экендигимди кантип сезип, билдим?

      Ден соолукта болуумдун модели укмушбу?

      Денемдин кайсыл жерин – азыркы, учур чакта ден соолукта көрүп, сездим?

      Өзүмдү кандайча элестетип, көрүп сезимимди жакшыртып жатам?

      Кантип дайыма өзүмдү чың ден соолуктун толкунунда кубанычтуу алып жүрөм?

      Ден соолукта жүрүү үчүн кантип сонун нерселерди жасадым?

      Кантип өзүмдүн эмоционалдык тең салмактуулук акыбалымды сактап жатам?

      Мына ушундай “учур чак” менен айтылган суроолор ден соолукту сактап, денеде кармалып турган “убактылуу ооруулардан” айыгууга жардам берет. Себеби, берген сурооңо жараша мээ жооп издейт. Албетте, ой, сөз кана ден соолукту чың кармайт деп, чек коюудан алысмын, ага кошумча ар дайым өз убагында:

      – бир калыпта дем алуу, дем чыгаруу,таза аба, эс алуу

      – эркин, денени бош таштап басуу,

      – витаминдүү, сапаттуу, туура, өз учурунда тамактануу,

      – физикалык кыймыл аракет, булчуңдарды катуу жыйрылгандан кийин өз убагында бошотууну билүү,

      – баардык адамдар менен болгон мээримдүү мамиле,

      – сенин тилиңде сүйлөгөн айлана чөйрө, көп тил үйрөнүү

      – чың ыкластан сүйүнүч, кубануу

      – денеңди угуп, ички , жан сырткы дүйнө менен сүйлөшө билүү

      – өзүңдү өзүң сүйө билүү

      – өзүңө жаккан жумушта чыгармачылык менен иштөө

Скачать книгу