Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 67

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

угуп жатып, ал “сөздөрдүн маңызына, мазмунуна” маани берип, “жашоо эмне экендигин, ал кантип жаралаарын түшүндүм”. Жашоо, тагдыр кантип качан жаралаарын түшүндүм. Сезимим менен сезип, денем аркылуу аябай кубандым. Өзүмдү жаш наристе баладай сездим. Көз алдыма кантип тагдыр, адам сезими менен эмоцияга карап өзгөрүп жатканы көз алдыма тартылды. Кыялымда ДНКанын спиралы айланып жаткандай сезилди. Көкүрөгүмө кубанычтын нуру толду. Өзүмдү аябай жеңил сездим, желкемден оор жүк түшкөндөй болду. Көңүлүм ачыла түштү. Түшүнгөнүмө ыраазы болуп, өзүмө өзүм кубануу менен орусчалап, “Вот это ДА!” Ура! Ура! Ура! – деп алдым. “Ыраазымын!” –деп эки алаканымды бириктирип кудайга ыраазычылык билдирдим! Ар түрдүү варианттарда ой жүгүртүп, түшүнгөнүмө кубанычта болдум.

      Ооба, жашоо – бул “секунда, көз ирмем, ”, бул – “учур чак”. Ар бир жашаган секундаң сен үчүн жашоону курат. Мына ушул секунда – бул сенин тагдырың . Сен ушул секундада өзүңдү кандай сездиң, эмнени ойлондуң, эмнени сүйлөдүң, эмнени жасадың? – дал ушул нерсе сенин “тагдырын” болуп денеңде, бешенеңде жазылды. Тагдыр мына ушул көз ирмемде жазылат. Сен денең аркылуу ошол нурду Ааламга, Алла Талаага жөнөттүң. Учур чак менен ошол нурда уланып турасың. Сенин учур чактагы “башкаруучу пультуң– сенин көңүлүң!” Ошол көз ирмемде сен өзүңдү кандай сезип, Алла Талаага , кудайга эмнени жөнөтүп жатасың, ошол сенин келечек жашооң болуп келээрин түшүндүм.

      “Секунда өттү – бул өткөн чак”, “келечек” жашоо али келе элек. Ушул секундадагы сенин сезимиң – бул келечек жашоого проект, элес, образ түздү. “Келечек” жашоону эч ким кууп жете албайт. Ал – түбөлүктүү келечек, ал дайыма алдыда, аны ар бир секунда менен куруп бараарыбызды түшүндүм.

      Ошентип, өмүр бою издегеним көктөн табылып, сүйүнүп кетип, тыныгуудан кайтып келген жанымдагы кыздарга бир канча жолу түшүндүрүп айттым. Үч кыздын ичинен бирөөсү кана түшүндү. Калгандары көздөрүн алайтып, бул эмнени айтып жатат, мээси жайындабы?– дегенсип басып кетишти. А менде болсо, ошондон кийин жүрөгүмдө сүйүнүч пайда болуп, мен өзүмө “жыйынтык жасадым”, демек «УЧУР ЧАК» – бул жашоо – бул менин сезимим менен жаралган образ, Ааламга өзүмдүн кандай акыбалда экендигимди билдирген маалыматым, мага эмне керек экендигин билдирген каалоом, сезимим менен жөнөткөн билдирүүм, менин акыбалымды Ааламга жөнөткөн нур байланышы, канал, жашоо экендигин түшүндүм.

      Бул менин тагдырым, мен өзүмдү кандай сезсем ошол информация менин денелериме, ДНКама, маалымат талаама жазылды. Демек, мен учур чак менен секунда сайын өзүмдүн тагдырымды өзүм түзүп жатам, денеме тагдыр кылып жазып жатам. Бир эле убакта мен Ааламдын ошол “толкунга” уланып, ал жактан өзүмдүн “сезимиме жараша” жашоону алаарым мага анык болду.

      Ал жыйынтыкка келгенден кийин дагы албетте, мага далил керек болду, ар кандай китептерден, интернеттен, практикалык тренингдерден, психологиялык анализдөөлөрдөн өттүм. Дагы эле изилдөөмдү улантуудамын, себеби ар бир адам ачылбаган сыр сандык сыяктуу. Адамдар менен сүйлөшө келсең ар биринен ар кандай укмуштарды угасың.Айрыкча өздөрүнүн тагдырын өздөрү чечмелегенде менин айткандарым

Скачать книгу