Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 68
“Учур чак – бул тагдыр!”
“Учур чак – бул көз ирмем”.
“Учур чак – бул секундадагы сезим”
“Учур чак – бул азыр, ушул жерде даамын татып, жытын жыттап, көз менен көрүп, кол менен кармап жашоо!”
“Учур чак – бул жашоо!” – деп түшүндүм.
Ар бир секундада биз өзүбүздүн “сезимибиз”, “ойлогон”, “сүйлөгөн сөзүбүз”, “жасаган ишибиз” менен өзүбүздүн тагдырыбызды өзүбүз түзүп жаткандыгыбызды күнүмдүк жашоодон көрүп келе жатам. Ал эми бул тагдыр биздин “казуалдык денебизде”, тагдыр китебибизде жазылат. Бул нур дене. “Казуалдык дене” эмне экендиги жөнүндө китебимдин “дене түзүлүш” деген темасында айтылат.
Эми окуп жаткан адамга бир топ эле түшүнүүгө жеңил болду го дейм, эгерде мен түшүнгөн сыяктуу түшүнсөңөр. Түшүнө албасаң, анда кайталап окуп көр. Интернетте, ар кандай эзотерикалык китептерде энергетикалык денелер жөнүндө маалыматтар өтө көп. Каалоочулар ар кандай тарапта жекече түшүнүк алууга да болот. Себеби, дененин катмарлары кирге, энергетикалык туруп калган, уюп калган катмарга толгон болсо – бул маалыматты түшүнүү татаалыраак болушу мүмкүн…
Психологиялык “ишенүүлөр, бекемдөөчү сөздөр” өзүбүздүн өзүбүзгө койгон программабыз көп тоскоолдуктарды түзөт. Аны жаап алуу оңой, бирок ал программаны алып таштап, өз жолуңду өзүң ачуу үчүн “эмгек, убакыт жана билим” сөзсүз керек. Ошон үчүн адамдар көзү ачыктарга, молдолорго, психологдорго тезирээк маалымат алуу үчүн, каалаганын оңой алуу үчүн кайрылышат.
Эмнеге “өзүңө өзүң уруксаат берүү керек?”
Биз бул китепте мазмуну бир эле сөздөр өтө көп кайталанат, аны ар кандай мааниде терең түшүнүп окуса болот. Ал жөнүндө китептин башында эскертүү болгон. Ал эми, кайра– кайра кайталоо менен дене тазаланып, мээге, жан дүйнөгө “билим” сиңе баштайт. Алган билим – бул жаңы нур б.а. жаңы нур эски нурду тазалап денеден сүрүп чыгат же эски программалардан бошонуп, өзүңө жаккан жаңы программаны киргизесиң. Ошентип мээнин активдештирилиши башталат, жаңы ой, идеялар келет, баш сергийт, баштагы маалымат келүүчү каналдар тазаланат. Ден соолукка зыян кылган сезимдерден арылып, денени кубандыруучу сезимдерди сезе баштайсың, эгерде өзүңдүн коркунучтарыңдан арыла алсаң. Баардык нерсе нурдан турат. Ал эми нурдун агымы адамдын оюна, сөзүнө, сезимине карата тез-тез өзгөрүп турат. Ошондуктан кайсыл сезим пайдалуу жана кантип ден соолукта болуу өзүңдүн аракетиңе жараша болот. Анын ачкычысенин “көңүлүң”. Көңүлүң эмнеге токтосо, жашоо ошол жерден башталат.
Өзүңөргө өзүңөр “суроо берип – отчет алып” көргүлөчү?
Мен эмнени каалайм? Албетте бул суроого көпчүлүк маани бербегени менен, чындыгын өзүнүн жашоосуна эмне керектигин билбегендер арбын. Себеби, көпчүлүк адамдарда,