Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 72

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

кайра эле өзүмө кайтып келээрине ишенем, себеби, жашоонун системасы кантип иштээрин түшүндүм. Башыңда, оюңда, мээңде кандай программа болсо ошол кана аткарылып, өзүң жасоо менен кана ишке ашаарына ишендим.

      Эми, жогорудагы “бекемдөөчү” сүйлөмдөр таасирдүү болуш үчүн оболу мээңдеги эски программаны өчүрүү керек. Ал үчүн жүрөгүңдөгү өйүгөн көгөйлөрдү кагазга жазып чыгарып, өрттөп сал. Жогорудагы бекемдөөчү сөздөрдү айткандан тартынсаң, жаныңда бирөөлөр болсо уялсаң “шыбырап айт”, “жаз”, “оюң менен ойло”. Уялбасаң ачык айт. Же эч ким жок жерде үнүңдү чыгарып айтып тамактагы тоскон энергиянын агымын, тамагыңды муунткан сезимден өзүңдү тазала. Аны өзүң кана жасай аласың, себеби өзүң таарынуу, капа болуу менен өз убагында үн чыгарып айта албай өзүң түзгөнсүң. Оюңдагыны ачык айта албагандык көпчүлүк адамдар үчүн көнүмүш адат болуп калган, анын зыяны өз тагдырыңа өзүң балта чабуу экендигин туура түшүн. Албетте, эң биринчи ден соолугуңа зыян. Аны моюнга алуу керек.

      Күнөөлүү эч ким жок. Оңдагыны ачык айтууну бизге жаш кезектен тыюу салып келген. Аялдар эркектин айтканынан чыпай, балдар ата-энеге оз оюн ачык айта албай өмүр бою кыйналып жашоодо. Бул коом үчүн ар бир адамын ден соолугу үчүн, коомдун өнүгүүсү үчүн тоскоолдук кылган бирден бир чоң себеп. Өз оюн ачык айта албаган адам, бузуучу касиетке ээ. Ичинен сүйлөнүп, мээсинде пластинка айланган сыяктуу жаман ойлорду күчөтө берет, бирок үн чыгарып, өзүнүн жекче пикирин айта албайт. Натыйжада ал адамдын энергетикалык нур айлануу агымы бузулат, көңүлү чөгүп, булбулдун үнү дагы жакпай, жаңжалкеч боло баштайт. Андай акыбалдагы адамдын айлана чөйрөсү уруш жаңжал, нааразылык менен өмүр сүрөт. Турмуштун ар дайым эки тарабы бар. Бирөө күлүп жайнап бактылуу өмүр сүрсө, экинчиси тескерисинче, урушпаса же сөкпөсө жеген ичкени аш болбойт. Ошон үчүн эмне жасап жатканыңа көңүл бөлгөн жакшы. Болгону жашоонун жаман жана жакшы тажрыйбасы бар.

      Эми, мына азыр өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл ал. Урушпа, жемелебе. Өзүңдү колдо, баркта, сыйла! Турмуштан алган терс тажрыйбаң үчүн ыраазы бол. Сага жамандык кылгандар сенин эң сонун жардамчыларың. Алардын туткунан бошонуу, сенин экрин болуп өнүгүүгө, өсүүгө жол ачкандыгың. Ошон үчүн эч нерсе эч качан өзү эле, жөн эле боло бербесин түшүнүүң зарыл. Себеби анын үрөнү, башаты өзүңдө. Эмнени эксең ошону кана алаарың анык. Ар кандай көңүлүңө жакпаган нерсенин эң сонун табылгыс дары – сенин өзүңдө кана! Өзүңдү кандай сезсең, жашооң ошондой болоору анык. Себеби, сен өзүңдүн аракетиң менен нурларды кыймылга келтиресиң.

      “Үн чыгарып, шыбырап айтуу” өтө пайдалуу экендигин жогоруда айтылган мисалдар менен түшүнүп келе жатасыңар. Эми дагы бир мисал. Бул нерсе, өз оюңду ачык айта албаган адам менен кездешүүгө даярдайт.

      Эгерде эң жакын адамдарың– атаң, энең, бир туугандарың, жолдошуң, уул-кыздарың, коллективиң же жетекчиң туура эмес нерсени айтып сени күнөөлөсө да өз убагында оюңду ачык айта албай кыйналасың. “Уят”– бул “ата-энем”, “бир тууганым”, “жетекчим” же “эртең эле ишим түшөт”, ”мен ага көз карандымын” деген

Скачать книгу