Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 76

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

эмне болот? Карыз менен күрөшөсүң.

      Эмне үчүн? Себеби, учур чак менен “карыз болбойм” деген сөз мейкиндикке трансформация болду. Телефондон эмне деп айтсаң сүйлөшкөн адамың ошол сөздү угат, сенин кандай акыбалыңда экендигиңди денеси менен сезет. Алла Талаага да дал ошондой маалыматты бересиң. Жыйынтыгында сөзүңө, оюңа, сезимиңе жараша жооп келет.

      Ал эми “жан дүйнөдө – жок, болбо, болбойт” деген сөз жок. Себеби, адам баласы жаралгандан мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн келген жана учур чакта эмнеге “көңүлүң бурулса” ошол нерсеге уланып тезирээк ишке ашат.

      Адам жаны баардык нерсени “болот, бар”– деп түшүнөт, себеби жандын дүйнөсүндө “жок” деген сөз жок. Ал дүйнөдө чек коюу, аралык, убакыт жок, аял– эркек деп бөлүнбөйт. Ошон үчүн кудай адамды өзү сыяктуу жартакан!– деп айтылат. Эркектер бул дүйнөгө мен биринчи жаралганмын, аялды эркектин кабыргасынан жаралган деп ойлосо, аялдар баланы, эркекти ким биринчи төрөгөн? – деп ойлонот. Ошондуктан ар бир адам туулгандан баардык нерсеси бар болуп төрөлгөн, экөбү тең өзгөчө өз алдынча жаралгандыгын кабыл алса аял-эркек отртосундагы теңтайлашуу, биринчиликти талашуу токтомок. Теңчилик, бири-бирин сыйлоо, кабыл алуу өкүм сүрмөк. Аны “БАР, ЖОК”– деп бөлгөн ар бир адамдын “акылы”. Көпчүлүк адам “акылдуу” болгусу келет, акылы менен иштейт, бирок “акылмандуулук” турмуштук тажрыйбаны талап кылат. Акылын угууну жакшы билет, бирок жүрөгүн угууну көпчүлүк адам унутуп баратат.

      “Жан” (подсознание) – “карыз болбо” деген сөздү “карыз бол!” – деп түшүнөт да “карыз” деген нурга уланат… Карыздан кутулам деп канчалык умтулсаң да, карыздан кутула албагандыгыңдын бирден бир себеби ошондон. Ошон үчүн ар кандай ишти карызга баштоонун кажети жок. Себеби, карыз менен башталган иш ар дайым карызга уланат. Айрыкча өз алдыңча иш баштаганда ушул жагын эске алган оң. Жакшысы карыздын учугун үзгөн жакшы же мүмкүнчүлүгүң жок болсо, анда “карызмын” деген сезимдин ордуна ал “акчанын ээси менмин”– деген сезим жакшы жардам берет.

      Кандай кыйынчылык, жетишпестик болсо да “Оо бул байлыктын башталышы, жетишпеген жашоодон чыгып, бай жашоого кирип баратам!” –деген позитивдүү ой ар бир адамды жетишкен жашоого улайт. Өзүңдү бай сезүү менен байлыктын толкунуна уланасың. Себеби, сен Ааламга “Мен акчанын ээсимин!” – деген энергияны чачыратып жатасың.

      Адамдарга үчүн күлкүлүү бир көнүгүү жасап көр. Күнүгө ар кандай цифраларды жазып “Менин акчам ушунча болуп көбөйүп калды!”– деп сезимиңди жакшырт. Себеби, мээ чын же жалган экенин ажырата албайт, ал көргөнүн ишке киргизет. Эгерде, карыз болсоң, сен ал цифраны жазгын дагы, менин “пайдам” ___ ушунча болуп көбөйүп жатат деп кызыл пасталуу ручка менен жазып, сезимиңде сезип көр. Ошондо, менин “пайдам көбөйүп, күндөн күнгө байып жатам” деген сезим көбөйүп бара-бара пайданын толкунуна уланууга өзүңдү үйрөтөсүң, оюң карызды ойлонбой, пайданы ойлой баштайт. Жакшысы колуңда бар акчаны сана. Карыз экендигиңди унутуп, өзүңдү пайдаң көбөйүп жаткандай

Скачать книгу