Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 77

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

туруктуу уланып алууда. Ал үчүн кубанычты көбөйтүү керек.Ар кандай убакта күлкүлүү көрүнгөндөн коркпо. Күлкү жашоонун мүлкү, сенин материалдык акыбалыңа чоң салымын кошооорун ар дайым эсиңде сакта. Кайгырсаң кайгың көбөйөт, сүйүнсөң ден соолугуң жакшырат. Кубанычтуу сезим аркылуу мээде сератонин бөлүнүп чыгат да адамдын энергетикасы жогорку кубаттулуктагы нурдун толкунуна уланат. Ал үчүн курсакты дагы кубантуу керек, каалаган нерсеңди жегенге үйрөн. Себеби сератониндин көпчүлүгү ичегиге түшкөн тамактын сапатына жараша бөлүнөт. Кубанычтын толкуну “Өзүн өзү өлтүрүү” программасын өчүрөт. Өзүңдү өзүң сүйүү менен өмүрүңдү узартасың, өзүңдү өзүң сактай аласың. Канчалык кубанган сайын карыздан чыгуунун жолдору табылып, жаңы идеялар, ойлор келе баштайт. Тиешелүү иш аракет кылсаң, ар кандай мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, карыздан тез чыгып кетүүгө жол ачылат. Ошон үчүн “Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис!” –деп ишенип өзүңө өзүң сактоочу бекем чеп куруп бар.

      Бул нерсени бирөөлөрдүн алдында мактанып айтуунун кереги жок, себеби, сени “акылынан ажырап калганбы?”– деп ойлошу мүмкүн. Терс кыялдагы адамдар өтө көп жана алар өзүнүн жашоо деңгээлине жараша ар кандай түшүнөт жана ар кандай мааниде ал маалыматты таркатат. Себеби, анда башка маалымат жок болгондуктан сенден алган маалыматты, өзүнүн түшүнүгү менен, коркунучунун деңгээлине жараша көркөмдөп тарката баштайт. Ар кандай маалымат энергиядан турат. Ал эми энергия алмашышы керек, ошон үчүн адамдар укканын башка адамдар менен бөлүшөт жана өзүнүн учур чактагы акыбалына жараша башка адамдар менен ой бөлүшөт. Ошентип, энергия алмашат, кыймылга келет. Ошондуктан өзүңдүн жаман акыбалың менен башка адамдарга бөлүшүүнүн кереги бар же жок экендигин терең ойлонуп көр. Бул бир жагынан жакшы, эгерде адам позитивдүү өнүгүү жолунда болсо. Эгерде негативдүү өнүккөн адам болсо, анда жолуңду тосуп, сен жөнүндө жаман маалымат таркатат. Ошон үчүн мындай маалыматты түшүнгөн адам менен бөлүшкөн жакшы.Ар кандай шартта, оболу өзүңдүн сезимиң менен иштеп, жыйынтыгын өзүң сез. Андан кийин аны бөлүшүү же бөлүшпөөнү үйрөн. Өзүңдү карызы жоктой сезип, ошондой мүнөздө, кыялда алып жүр, көңүлүңдү көтөр. Бул башка адамдар үчүн “нахал, хам, буга даба жок” деген сезимде болушу мүмкүн, ал эми сен үчүн бул баалуу тажрыйба. Байлыктын спутник каналын башыңа орнотуу үчүн өзүңдүн эмгегиң керек. Эми, карызды ойлогонду токтот, ордуна кантип аны төлөп койгонуңду кыялдан, элестет, денең менен сез, ошондо кана дене ошол алкакка уланып, нур чачырай баштайт. Андан кийин карызыңды төлөөнүн аракетин жасап, бир баштан төлөп, азайта бер.

      Конец ознакомительного фрагмента.

      Текст предоставлен ООО «ЛитРес».

      Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на ЛитРес.

      Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через

Скачать книгу