Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 74

Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова

Скачать книгу

ою, сүйлөгөн сөзү, жасаган иши, жашаган чөйрөсү, мамилелеш адамдары, тагдыры жана мамлекети болот.

      Өзүңдү ооруунун, жокчулуктун, коркунучтун туткунунан бошоткуң келсе сөзсүз түрдө “өзүңө өзүң жоопкерчиликти алуу” менен бирге “Мен өзүмө өзүм ээмин! Өзүмдүн денеме өзүм ээмин! Мен байлыкка ээ болууга татыктуумун! Мен өзүмө өзүм байлыктын ээси болууга уруксаат бердим!”– деп сүйүнүп, кубанып жасоону үйрөнүү – бул өзүң үчүн абдан чоң жардам экендигин терең түшүнүү менен колдонуу керек.

      Себеби, ар бир адам өзүнө-өзү ажырагыс “дос да кас да”, жана тоскоолдук жасоочу дагы, түбөлүктүү жардамчы дагы. Ой жүгүртүүң кайсыл тарапта болсо жашооң ошол жакка карап оойт. Оорууну, кембагалчылыкты көп ойлоп, эми кантип жетишип жашайм? – десең ошол деңгээлде жашоо сүрөсүң, муктаждыктын кулу болуп өмүр бою арызданып жашоого туура келет. Ал эми, сезимиңде өзүңдү ар дайым жетишкен жашоонун ээси экендигиңди түшүнүп, ошол сезимди ар дайым баймын, ден соолуктамын деп кубанычыңды көбөйтүп, жаш баладай сүйүнүп жашасаң албетте ошондой чөйрөдө болосуң.

      Ар бир адам жаманын да жакшысын да өзүнүн учур чакта жашоосу менен кана жасайт. Терс мүнөздөгү жашоонун жагын алсаң анын эмнеге, кандай акыбалга алып келээри түшүнүктүү.

      Ал эми, оң жагын алсаң, албетте, адам өзүнүн эмоционалдык акыбалын, психикалык энергиясын, духун, рухун, энергетикасынын кубаттуулук деңгээлин жогорулатат, жашоонун жогорку жыргал жашоо деңгээлине өтө алат…

      Ошентип, аракетибизге жараша ар бирибиз өз ден соолугубузду чыңдай алабыз. Өзүбүзгө өзүбүз уруксаат берүү, ишенүү менен дененин “өзү-өзү калыптандыруусуна ынанабыз”.

      Терең дем алып, дем чыгар 5 – 6 жолу кайтала. Ичтин дем алуусу менен мурундун же көкүрөктүн дем алуусу бирдей болушу керек б. а демиңди тартканда ичиң кошо тартылат, дем чыгарганда ичиң кошо жазылат. Албетте аялдар менен эркектердин дем алуусунун айырмасы бар, аны жакшы түшүнөсүңөр. Мына ушул ритм өз нугуна түшкөндө, денеде энергиянын (нурдун) айлануусу өз нугуна түшөт да денеге керектүү нур тамак жетет, ден соолук чыңдалат. Ал эми, дем алгандан кийин бир аз дем чыгарбай туруп, кийин акырын дем чыгаруу дагы кээ бир ооруунун кетишине жардам берет. Бирок бул нерсени өтө этияттык менен жасоо керек. Жакшысы жөн эле дем алган жакшы, себеби туура эмес дем алуу дагы энергиянын агымын бузат. Ошондуктан кантип туура дем алууну билген жакшы. Ал үчүн денең кандай дем алганда өзүн жакшы сезет, ошол акыбалды тап.

      Айрыкча ооруп жүргөн адамдар, курсактуу адамдар ушул нерсеге көңүл бөлгүлө. Дем алуунун бузулушу “акча” менен “адамдар” менен болгон байланыштын бузулушу. Финансылык проблемалары бар адамдар дем алууңа көңүл бөл.

      Ал эми, өпкө, боор, ашказан, ичеги карын, жүрөк ооруулар менен ооругандар да дем алууңду байка. Дем алуу калыптанганда ден соолук өзүнөн өзү калыптана баштайт, себеби энергия өткөн каналдар калыптанат.Демек, кан айлануу өз нугуна келет. Денеңди бош кой. Дем ал, дем чыгар! – бир канча жолу жасап, акыбалыңдын өзгөргөнүн байкап

Скачать книгу