Өч алуунун аягы. Айгүл ШАРШЕН
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Өч алуунун аягы - Айгүл ШАРШЕН страница 6
– Макул агай, – Гүлбахар баланы көтөрө кабинеттен чыгып бирге иштеген медсестраларга кирип көпкө отурду, ар кимиси ала коюп баланы эркелетип Гүлбахарды тамашалап жатышты, көптөн кийин үйүнө келди, келсе Карим үйдө экен.
– Бала деп мага көңүл бурбай да калдың, деги сага ошол талаадан табылган неме керекпи же менби? – Үңүрөйө карады.
Өзү да врач, башка клиникада иштечү, болгон окуяны угуп келген экен.
– Сен качантан бери менин көңүлүмдү карап калдың эле, жыйырма жылдан бери муз үстүндө калтырап келе жатам го, жок дегенде баланын ырахатына батып бактылуу болгонумду ыраа көрбөйсүңбү? – Гүлбахар ызалуу жооп кылды, – Өмүр бою башка бирөөнү ойлонуп, мен эмес ошонун элеси менен жашап келе жатасың го?
– Койсоңчу, – Карим дале кабагын бүркөй карап кол шилтеди, – Бирдеме жасай койчу, кардым ачты.
– Азыр, баланы уктатып коеюн.
– Аныңдын атасы келет жакында.
– Эмне, кайдан билдиң? – Гүлбахардын көздөрү алайып кетти.
– Атасы бар экен, – деп укканын айтып баштады.
Шухрат өзбек экен, аялы Зейнеп экөө эки жыл мурун эле үйлөнүп ушу баланы көрүшүптүр. Атасы өлгөндө бир агасы үйүн талашып жүргөн экен. Ага карындашы кошулуп:
– Сен кичүүсүң, жашсыңар, үй салып аласыңар, бошотуп бергиле, – деди, – Апа, балаңа айт бошотуп берсин.
– Ботом, бул үйдө Шухрат калат, андан көрө алар чоң эмеспи, үй салып алышсын, – деди апасы.
– Жаш аялмет болсо, кайдан үй салат, калыс эле болбойсуңбу, жаш немелер үйдү салып да, сатып алса болот.
– Жаш болсо да эң кичүүсүндө болот, сен эмнеге эле минтесиң, экөөнө тең калыс бол, бирин ашык, бирин кем көрбөй, – Энеси кызына ачуулуу карады.
Шухраттын атасы үйлөнгөндө Сарвиназ менен Шарип кичинекей болчу, алардын апасы ооруп каза болгондон эки жыл өткөндөн кийин үйлөнгөн. Сарвиназ өгөй энесине атайын эле жинденип жүргөн болчу.
– Ооба, Шухрат да менин бир тууганым, бирок сен экөөнү бөлүп жатасың, энеси бөлөк экенибизди далилдедиң, Шарипти бул үйгө киргизбесеңер силерге күн көрсөтпөйм, – деп албууттанып чыгып кетти.
Ошентип уруш көбөйүп отуруп акыры бир күнү түн жамынып келген Шарип менен Сарвиназ эки жакты карап эч ким көрбөгөндөй кылып жылып келе жатканда үйүндө коноктун бар экенин көрүп кайра кетишти. Зейнептин төркүндөрү бар эле, эртеси алар кеткенден кийин Зейнем күйөөсүнө:
– Шухрат, талашпай эле берип койсоңчу, түшүм жаман, бир балээге кабылып жүрбөйлү, – деди маанайы пас.
– Коркпо, Юсуп менин дагы атам, анын да атасы, кичүү деп мага жол койбосо өздөрү билсин, – деп Шухрат моюн бербей ишине кетип калды, келин бечара ойлонгон бойдон кала берди, анткени анын түшү өтө коркунучтуу болгон экен, өзүнүн чоң атасы аны ачууланып колунан алып жетелеп баратыптыр: «Балам калды, мен баламды алып алайынчы», – дегенине болбой: «Ал атасы менен калсын, сени тигилер мага жөнөтүп жатпайбы, кайненеңди күйөөсү алып кетет,