.

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу - страница 8

Автор:
Жанр:
Серия:
Издательство:
 -

Скачать книгу

жылуу сөз айтуунун ордуна:

      – Төрөбөсөң айтат де, билимдүү акыл-эстүү эриң бар, ошону күтө албасаң эмне кылайын? – деди жүзүн үйрүй.

      – Боюма болбогону үчүн мен күнөөлүүмүнбү, апа?

      – Төрөбөгөн аял күнөөлүү, – Ошол убакта үч-төрт балалуу болуп калган сиңдиси Фатима ыйлап кирип келип Гүлбахарды көрүп бир аз турду да ички бөлмөгө өтүп кетти эле Сабира артынан кирди. Гүлбахардан жашыруун бирдемелерди сүйлөшүп жатышты. Эчтекеге түшүнбөй бозоруп отурду ал: «Эмнеге менден жашырышат, мен өгөймүнбү буларга, ушуларга келгенче Адина апамдарга барсам болмок экен», – деген ойдо туруп кетип калды. Бул сырдын түйүнүн Гүлбахар кийин күйөө баласынан укту. Самарбек бир күнү атайын келиптир, астына дасторкон жайып чай койду, Карим жок болчу, Гүлбахарды улам карап чайын ууртап отурганда:

      – Самарбек, келген жөнүңдү айт, бала-чака чоңоюп жатабы? – деди Гүлбахар.

      – Жатышат эже…

      – Фатима экөөң урушуп-талашып калат экенсиңер, балдарыңар чоңоюп калды, мунуңар болбойт.

      – Эже, ошону өзүм да билбей калам.

      – Эмнеге, экөөңөр эч кимдин зордугусуз өзүңөр эле үйлөндүңөр эле, сыйлашып өткөнгө жетеби, мен бир баланын үнүнө зар болуп отурам, уул үйлөп, кыз бере турган болуп калдыңар.

      – Мен Фатиманы сүйгөн эмесмин эже, Абдраимдин кызы десе сиз экен дегемин, чынын айтсам сизди жакшы көрчүмүн.

      – Самарбек, сен эмне деп жатасың? – Гүлбахар таңгалганынан көздөрүн алайта карады, – Мунуңду эч ким укпасын.

      – Уккан, Фатима апама айтыптыр, ал мени аябай урушту, мен эми эмне кылам, сизди унута албай жашоодо өзүмдү бактысыз жандай сезип келе жатам.

      – Самарбек…

      – Чынымды айтып жок дегенде бугумду чыгарып алганы келдим эже, ошондогу узун чачтуу кып-кызыл көйнөкчөн кыз алиге көз алдымда, аскерге кетип калып кайда кеткениңизди билбей калдым, аскерден келсем апам айтып калды, Абдраимдин кызына сүйлөшүп койдум деп, кудуңдап жетип барсам, сиз эмес Фатима экен, сизди сурасам эки жыл мурун турмушка чыгып кеткен деди, анан мен Фатиманы албайм деп чыктым, апам ыйлап-сыктап болбой койду…

      – Сен ушунча жылдан кийин болбогонду айтып менин үйүмдү бузгуң келеби Самарбек, мындай жеңил сөздү айта турган убак өткөн, бар үйүңө, экинчи мага мындай сөздү айтчу болбо! – Гүлбахар жини келе ордунан тура калды.

      – Кетем эже, мен бир кезде айталбаганды бир айтып, өкүнүчүмдү билдирейин деп келгемин, көкүрөгүмдөгү арманымды айтып бугумду жазып алайын дегемин, – деп Самарбек ордунан туруп эшикти көздөй башын жерге салып кетип баратты.

      – Баланын иши чала дегендей же жаш эмессиң, Фатима менин бир тууганым, кантип оозуң барды ушуга, мага душман кылган сен экенсиң да, – Гүлбахар күңкүлдөп кала берди, бир чети ызаланды: «Апам ошону үчүн мени жаман көрөт тура, Фатима дагы көргүсү келбейт», – деп ыйлап отуруп көптөн кийин бир күч ага дем бере баштады. Карим өзүнө келип-кеткен ойношундай гана мамиле жасап бир жолу да күйөө катары эркелеп койнунда

Скачать книгу