Өч алуунун аягы. Айгүл ШАРШЕН

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Өч алуунун аягы - Айгүл ШАРШЕН страница 7

Өч алуунун аягы - Айгүл ШАРШЕН

Скачать книгу

башын көтөрө калып кучактап ыйлап жатканда ар жак бери жактан коңшу-колоңдору келип заматта эл жыйналып калды. Ал убакта бала эсине келбеди, милиция чакырышып өлтүргөндөрдү иликтеп жатты, Шухрат аларга күнөөкөр ким экенин билип турса да айтпады. Үчүнчү күнү өлүктөрдү өз жайына коюп, ыйлап-сыктап отуруп анан оюна уулу келип жанында отурган атасынын иниси Музафарга кайрылды:

      – Аке, менин уулум эмне болду, аны кайда алып кетишти?

      – Ким билет, өчөшкөн немелер баланы алып кеткен го?

      – Эмнеге, эмнеге баланы алып кетишет, азыр аларды өз колум менен өлтүрөм! – деп атып туруп эшикке жөнөгөндө аны Музафар кармап калды:

      – Эсиңе кел, өлгөндөрдү ойло, кечээ көмүлгөн өлүктү кайрадан казып суракка алышат, баланы мен иликтейм, сен ачууңду басып үйдө отур.

      Ошентип алар баланын дайынын угушуптур, – деди Карим, – Атасы аябай жинденип, – Кантип, Шарипти өз колум менен элдин көзүнчө мууздайм! – деп жулунганда достору, тагалары аны кое беришпеди, бул кезде Шарип үйбүлөсү менен Сарвиназ эки баласын алып айылдан чыгып кетишкен эле, анын күйөөсү жок болчу… Ошентип аларды үйүнөн таппай калып милицияга кабарлашты, алар дароо эле ооруканага алып барган наристе жөнүндө айтып тактамак болуп жетип барышты. Башкы дарыгер менен сүйлөшкөн соң Каримдин үйүнө келишти. Гүлбахар үйдө болчу, дарбазанын такылдаганынан чыга калса төрт беш сомодой болгон өзбек адамдары турган экен:

      – Ассалоому Алейкум, апажан, – деди бири колун бооруна ала, жанында милиция кызматкери жүргөн.

      – Эже, балага келишти, тааныса булардыкы, тааныбаса башка жактан издейбиз.

      – Макул, – Гүлбахар дарбазаны кең ачты, – Кириңиздер. – Баары ичке киришкенде Азат уктап жаткан, Гүлбахар аны жүгүрүп жүрүп өзүнө каттатып күбөлүк алып, атын Азат деп коюп алышкан эле, аз убакыт бакканга боор эти менен тең болуп калган экен, ичи ачышып ыйлагысы келип турду, бирок чыдап баланы өйдө көтөрө берди, – Мына тааныдыңарбы, силердин балаңар бекен?

      – Уулум! – деп Шухрат кулачын жая бергенде жаңыдан ойгонуп, уйкусураган наристе атасын көрүп талпына бой таштап жиберди, – Уулум, биз жалгыз калдык, биз ушу күнгө туш болдук, – деп бооруна кысып алып солкулдап жатты.

      Азат бул үйбүлөгө келгенине бир айдан ашса дагы Каримден чоочуркап, аны көргөндө бакырып ыйлап жиберчү, эми Шухрат канчалык бекем кучактап алса да төшүнө башын катып жылтырап кайгыны түшүнгөндөй момурап тура берди.

      – Апажан, – деди Шухрат көптөн кийин, – Сизге рахмат, уулума экинчи эне болуп калдыңыз, баламды алып кетейин, – деди.

      – Шухрат аке, сиз эми ала албайсыз, – деди участковый ага.

      – Неге өз баламды…

      – Мыйзам ченемдүү табылган баланын ата-энеси эки жумага чейин табылбаса баккан киши менчиктеп алууга акылуу, ошондуктан балаңызды кайра өзүңүзгө өткөрүп алганча бул жерде болот.

      – Үйдө күбөлүгү бар го?

      – Туура, бирок булардыкын жокко

Скачать книгу