Сезимдер карыбайт. Айгүл ШАРШЕН

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН страница 4

Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН

Скачать книгу

деп Кумарбү эшикке чыгып кетти.

      Өмүрбек кире бериште турган, аны көрүп, атайын чычалатмакка тийише сүйлөдү:

      – Күйөө балалуу болот экенбиз да?

      – Сага күйөө бала болмок беле? – Кумарбү жактыра бербей карады.

      – Ой жезде-жезде, адашып калган турбаймынбы.

      – Жинге тийбечи, атам этти бузсун деп жатат.

      – Жарайт, бөлөм, кол жууп алайын, – деп шыпылдай колун жууп келди да, оозгу бөлмөдөгү чыпта капта турган этти кленкага салып, бузуп-бузуп бере салып, эшикке чыкты. «Демек, Кумашты күйөөгө бермек болушту, анан мени үйлөнтүшөт. Менин Кумашты жакшы көрөөрүмдү билсе каршы болушат го, бактылуу кыла алаарыма ишенишпейт, ишенген күндө да ал экөөбүздү үйлөнтүүнү ойлоп коюшпайт. Өз жолум менен болгонум эле оң болоор», – деп ойлонуп жатты.

      – Ээ, Өмүрбек, быйыл күздө үйлөнбөсөң болбойт, – деди жанына келген Сарыбай.

      – Таажезде, мен али ойлоно элекмин…

      – Эмнеге, эми сен жигит болдуң, жыйырмага чыгып калдың, үйлөнөөр маалың келди. Таежең да оорукчан болуп калды, жардам берип келин жумшатсаң жакшы болот эле, балам.

      – Байкаштырып көрөйүн, таажезде.

      – Ошент, эми сен чоң жигитсиң, атаңа да бир барып койсоң жакшы болмок, оңолбогон адам болбойт, жакшы сөз, жакшы мамиле керек. Тейит Чынарканды жакшы көрчү, кийинки аялдары ошондой болбосо керек, ойго алдырып койгон экен. Бир барып, учурашып кел ээ, айлыгың тийгенде.

      – Макул.

      – Кандай күндө болсо дагы, кандай адам болбосун ал сенин атаң, сен анын канысың, аны ошол азаптан сууруп чыгып адам катарына кошушуң керек. Ата-энени жээриген ата-бабабыздын салтында жок, орусташып кетип, элдин пейили өзгөрүп, салтты-динди бузуп эле карыларыбыз карылар үйүнө түшүп жатпайбы, – деп Сарыбай бир топко чейин акыл айтты.

      – Мейли, атамдын акыбалы тигил экен, бир туугандары кабар алып койбоду. Сиздерге ыраазымын, мени багып чоңойтуп эми үйлөнтөбүз деп жатасыздар, атаңды кара деп акыл-насаат айтасыз.

      – Эми алардын да шарты болбой жаткандыр, таарыныч-кекти каапырга бер деп коюшат бизде, сен көтөрүмдүү бол, балам.

      – Айтканыңызга ыраазымын, иштейин, анан барып келем.

      – Ошондой кыл, быйыл Кумаш экөөңдү өз-өз жайыңарга орундатып койсом, бир-эки жылда Узагым чоңойот. Мектебин бүтүп алса совхозго эле трактирис кылам аны. Кой, тамак бышса ичип алып, эс алалы.

      Үйгө киришсе Кумарбү баарын даярдап жаткан экен. Бала-чакасы болуп тамактанып, күнүмдүк оокат-тиричилиги жөнүндө сүйлөшүп жатышты.

      – Сен балдарга энчилеген козуну айтасыңбы? – деди Уларкан жаткандан кийин.

      – Ооба, мага бергиле деп барганым жок, эми балдар чоңойду, беш кой, бир торпокту алалы доолап, – деп Сарыбай күлүп калды. – Эмдигиче кайнага берген торпок беш торпок тууп койгондур, козулар кой болмоктон болду да.

      – Ооба, ошолорду башында неге ойлонбодук экен? Алып алгыла деген былтыр.

      – Атасынын гөрү, дегеле жутунбаптырбыз

Скачать книгу