Сезимдер карыбайт. Айгүл ШАРШЕН

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН страница 8

Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН

Скачать книгу

бакылдаша түшүп жаткан. Өмүрбек аларды карап коюп, короодон чыгып кетти. Уларкан менен Фарида орто кызуу, бири-бирин колтукташып, көңүлдөрү куунак. Кумарбү менен Жакин аларды утурлай чыкканда ата-энелер кубанып кетишти. Турат менен Мурат аларга чуркап жетип, машинадагы жүктөрдү тыпылдап үйгө ташып жатышкан эле.

      – Окшошкон садагаң кетейиндер, сүйлөшүштү бекен ыя? – деп акырын Уларканды нукуп койду Фарида.

      – Ким билет, шартты болсо түзүп бердик, – деп Уларкан дагы шыбырай күлүп калды.

      – Уулум, кандай эс алдың? – деди Фарида Жакинге карап.

      – Жакшы, апа, өзүңөр жакшы эс алып келдиңерби?

      – Айтпа, укмуш эс алдык, суунун жээги, арча-кайыңдын арасында жайкалган көпкөк шибер, өзүнчө эле ажайып. Атаң ушундай сулуу жерди көрсөтпөй, бизди түтүнгө ышталган шаарда камап жүргөнүн карасаң, уулум, – деп жадырай күлүп, ээрчише үйгө киришти. Алар киргенде дасторкон даяр эле, кайрадан бака-шака түшүп, отуруп калышты. Ал күнү дагы түн ортосунан оогончо эстен кеткистей конок болушуп, эртеси эрте коштошуп, жолго чыгышты. Конокту узатып коюп, Сарыбай менен Уларкан эс алганы жаңы гана кыңкайганда Болотбектин тойго чакырып жатканын айтып, бир жигит келип калды. Аргасыз колдорунан келгенин айтып, тойго кетишти. Дал ошол күнү Өмүрбек сырттан кирип келе жаткан Кумарбүнү колунан кармап калды.

      – Сага эмне болду?

      – Сен Жакинге күйөөгө чыгасыңбы?

      – Бешенеге буйруганын көрөм, а сен жинди болдуңбу?

      – Ооба, жинди болуп баратам!

      – Эсиңе келчи, түшүндүрүп айтчы деги.

      – Сен мен айтканда түшүнөөр белең? – Өмүрбек Кумарбүнү карыдан кармаган бойдон койо бербей каректерине тигилди. – Түшүнөсүңбү, ыя?!

      – Өмүрбек, эмне деп жатканыңды түшүнсөм өлөйүн…

      – Түшүнбөсөң түшүн, билбегениңди бил, угуп ал жакшылап, мен сени сүйөм! – деди силкилдетип.

      – Эмне-е?! – Кыз көздөрүн бакырайта оозунан сөзү түшүп туруп калды.

      – Ооба! – Өмүрбек айласы кеткендей эки колдоп башын мыкчый тегеренип барып, кайра маңдайына келди. – Мен сени башынан сүйөм, сен мени түрмөчүк деп чанаарсың, теңиңе албайт чыгарсың, мени сүйүү көңүлүңө келбейт дагы, туурабы?

      – Өмүрбек, биз деген бир туугандай болуп калдык, атамдар сени өз баласындай көрөт, биз бири-бирибизди сүйүүгө акыбыз жок экенин сен билип кой! – деп Кумарбү үйгө кирип кетти.

      Өмүрбек үнсүз туруп калды. Ал күнү өзүнөн-өзү кыжаалат болгон Кумарбү майда-барат ишти Тумарбүгө түртө салып, эч нерсеге көңүлү келбей төркү бөлмөгө кирип отуруп алды. «Кызык, мен эле жакшы көрөм десем, Өмүрбек дагы мени сүйөт тура. Бирок биз эч качан бири-бирибизге жете албайбыз, атамдар бул жөнүндө эч качан билбеши керек. Эртелеп Жакинге тийип кетем, ошондо унутат, мен дагы унутам, менин эрким күчтүү, унутуп коюуга алым жетет», – деп өзүн-өзү кайраттандыра ордунан турду. Кеч кире баштаган экен, инилерин көчөдө ойноп жүргөн жеринен чакырып келип, кечки тамагын берди.

      – Узак, трактор айдаганды үйрөндүңбү? – деп сурады Кумарбү Узак сырттан кирип, дасторконго отурганда.

      – Ооба,

Скачать книгу