Сезимдер карыбайт. Айгүл ШАРШЕН
Чтение книги онлайн.
Читать онлайн книгу Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН страница 6
– Аның туура, эми көрө жатаарбыз, күмөнсүбөй уктап эс ал, байбиче.
– Макул, үйдө конок бар, эрте турабыз, уктайлы анда.
– Ооба, уктайлы, байбиче.
Экөө эки жакты карап унчукпай калышты.
Адам канчалык өткөн өмүрүндөгү жаман-жакшы окуяны жокко чыгарып, жашырып өткүсү келгени менен тагдыр дегениң сууга салсаң чөкпөй жээкке чыгып калган дөңгөч сымал бир күнү ачыкка чыгарып койоору чындык эмеспи. Өмүрбектин андан бетер уйкусу качып: «Кумашты эч кимге бербейм, мен аны сүйөөрүмдү таежеме ачык айтам», – деп ойлонуп жатты. Кумарбү болсо: «Менин Өмүрбекти сүйүшүм туура эмес, аны атамдар өз балдарынан кем көрбөйт. Ал эми Өмүрбек менин сүйүүмдү билбеген бойдон калсынчы, айтор кудайым бакыт берсинчи, ата-энем аман болсо болду», – деп ооналактап жатып, кеч уктады. Эртеси уктап калган экен, Уларкан аны тим койду. Болсунбектер тургуча кызыл шорпо жасап, дасторконун даярдап күтүп калды. Сарыбай болсо баш жазганга русский арагынан экини көтөрүп келатканда эшиктин алдында турган Болсунбек аны көрүп күлө:
– Азандан кайда барып келе калдың? – деп калды.
– Кемпир укпасын, баш жазганга бирдеке алып келе калдым, – деп култуңдай досун үйгө ээрчитип кирди. – Кудай уруп, сенин келгениңе кубанып, көп ичип коюптурмун, баштын ооруганын айтпа.
– Баш жазса жазалы, дос, аяш эмне кылмак эле, биздин ысык-суугубузга баары бир ошолор күйөт да. Кыскасы, энесин көрүп кызын ал дегендей аяш бизге жакты, бактың бар экен, досум, Уларканга жолугупсуң.
– Ой, мен Уларканды сүйүп алгамын да, ооруп калганда санаадан өлө жаздадым, – деп экөө кобурашып кирип баратканда дааратканадан келе жаткан эки аял алардын сөзүн угуп, бири-бирин карай жылмайып коюшту. Алар жуунуп үйгө киргенде эрлери бирден алып ийип, билмексен болуп отуруп калышкан эле.
– Ий, кайрандар, баш жазып жатасыңар? – деди Фарида күлө.
– Эми-и, байбиче, силер бар биздин багыбыз бар да, отуз жылдап көрүшпөй кеткен дос болсок, бир жолукканда жакшылап чардап алалы.
– Ошону айтсаң, баары бир экөөңөрсүз биздин күнүбүз жок да, – деп Болсунбек Сарыбайды коштогондо эки аял ого бетер күлүп, ыраазы боло унчукпай калышты. Түшкө чейин бакылдашып отуруп, бир убакта Болсунбек аялына кайрылды:
– Ой, биздин жаштар алиге уктап жатабы, Жакинди тур де, байбиче, жолго чыгалы.
– Ал турган, азыр жуунуп келет, – деди Уларкан.
– Аа-а, мейли анда, кетпесек болбойт биз дагы.
– Кетээрсиңер, ботом, шашпагыла бүгүн, эртең деле кетээрсиңер, – деп Уларкан Болсунбек менен Фариданы карады.
– Кетпейт, бул жайдын толуп турган убагы, өзөнгө барып кечке отуруп келели. Этиңден ал, Улаш, шишкебек бышырып жеп, артынан ак моюндан ичип бир жыргайлы, – деген Сарыбай досун карады. – Сени бүгүн бошото койот деп турасыңбы? Сайраган куштун үнү, суунун шары, ар түрдүү жыпар жытын чачкан кооз гүлдөрдү аралап, жаштык кезди