Сезимдер карыбайт. Айгүл ШАРШЕН

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН страница 9

Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН

Скачать книгу

эртең келеби?

      – Той бүткөндө келет да.

      – Тайкем аябай бай го, тойду бир жума береби?

      – Бир жума той берген илгери болчу экен, азыр андай чоң той бергенди өкмөт жактырбайт, тайкем партия болгон соң ишинен алып коюшу да мүмкүн, – деп Кумарбү уккан-билгенин божурап берди. Бир убакта Тумарбү ары карап жаткан бойдон унчукпай калды, уктаса керек. Кумарбү көпкө ойлуу жатты, «Өмүрбек кызык, эми эмне болот? Атамдар укпаса экен, эси жок десе, биздин бири-бирибизге өмүрү кошула албасыбызды кандай түшүнбөйт? Эгерде таежем тирүү болуп, мени келин кылып алам десе, анда иш башкача болмок. Экөөбүз бир туугандай урушуп-талашып өссөк, атамдар өз баласындай карап багып отурса, анан кантип сүйүүнү кеп кылууга болсун. Эгер сүйүү ошондой эле ыйык болсо бизди кечирсин, чынында мен өзүм дагы Өмүрбекти жакшы көрчү эмес белем, бирок мен ал сырды өмүрүм өткөнчө жүрөгүмдө гана сактоого тийишмин. Сүйүү жөнүндө сурагандарга сүйүүнүн ыйыктыгын, назиктигин айта алам, жүрөк түбүндө аздектеген адамым бар экенин айтам», – деп, жаны жай албай түйшөлүп жата берди. Эртеси түшкө жуук Сарыбай менен Уларкан келишти. Балдары алар алып келген тойдун кешигин жеп, бапырап жатышканда:

      – Ата, той кандай өттү? – деп Кумарбү атасына кайрылды.

      – Сонун өттү, тайкең өзү сельсовет, партийный киши да, ашыкча каада-салтты жасатпай тынч өткөрдү.

      – Антпесе дароо үстүнөн чагым түшөт, элдикин жеп жатат, кызматынан пайдаланып жатат деп эмеле чыгышар, – деп Уларкан сөзгө аралашты.

      – Ии, иши кылса баары жакшы болсо болду, – деп койду Кумарбү.

      – Сени сурады тагаң, ала келбейт белеңер, чоңоюп калды, жакшы жерге бербесек болбойт, кыздын эртеңкисин ойлогула деп катуу дайындады. Кыязы тагаң дагы сага күйөө таап койгон го? – деп Уларкан күлдү.

      – Эмне эле мени күйөөгө бере албай жатасыңар, убактысы келсе көрөөрмүн, пешенеме жазганын, – деди Кумарбү тултуңдай.

      – Сенин убактың келди, кызым, жакшы жерден куда күтүп, маңдай жарыла кубанып, сенин бактылуу болгонуңду көргүбүз келет да. Барган жериң жакшы болсо биздин дагы коңшу-колоңго сөзүбүз өйдө болуп, жүзүбүз жарык болбойбу, садагаң кетейин.

      – Ии-ий, апа, жакшы же-ер, жакшы жер дейсиңер, жакшы жер казаныңарга аш салып бермек беле? – деп Кумарбү жинденип таарына кетти. – Экинчи антип айта бербегилечи!

      – Кызым, – деди Сарыбай, – төбөсү көрүнгөн адамдар менен куда болсок бизге да жакшы эмеспи, үйүбүзгө андай адамдар келсе, кандай гана ырахат. Атаң абройлуу болуп калат, кимдин арты менен, сендей кызымдын арты менен, – деп ал бакылдап жатканда Өмүрбек чыгып кетти. Анын жан дүйнөсүндө бороондуу аяз уулуп, ыйлагысы келип: «Демек, буларга бай, колунда бар, кадыр-барктуу адамдар керек экен да. Андай болгон соң мага кызынын кылын карматпайт. Жүрөгүмдө арманым толуп-ташыса да, эчтеке дей албай кала беремби? Мендей жетимге ким кызын бермек эле. Жок, мен өз сүйүүм үчүн күрөшүүм керек, Кумашты эч кимге бербейм, өлсөм да аны ажыратып алам», – деп сыртта басып жүрдү. Кумарбү анын чыгып кеткенинен улам эле кандай акыбалда экенин сезди, ички дүйнөсү будуң-чаң түшүп жатканын айттырбай билди.

Скачать книгу