Сезимдер карыбайт. Айгүл ШАРШЕН

Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН страница 7

Сезимдер карыбайт - Айгүл ШАРШЕН

Скачать книгу

деди үйгө кирип баратып.

      – Макул, – деп Тумарбү элпектене казанга суу куюп, от жагып жатканда Жакин Кумарбүнүн артынан кирди.

      – Кумарбү, кандай?

      – Жакшы, өзүңүз кандай эс алдыңыз?

      – Эң сонун, сени көрүп көңүл жайланып, уктап калыпмын.

      – Жомоктогудай сүйлөйсүз.

      – Сени көргөнү жомоктогудай жашоону элестете баштадым.

      – Кызык экен.

      – Мен кызыкты деле сезбедим, чыныгы жашоону гана сезип турам.

      – Кайда экен?

      – Сенин көздөрүңдө.

      – Кантип билдиңиз? – Кыз саал жылмая карады.

      – Көрүнүп турат.

      – Көздөн окуй турган аппаратыңыз барбы?

      – Айрыкча сенин көздөрүң мага көп нерсени айтып турат, бирок сенин оюңду билүүм керек.

      – Табышмак… – деп бырс этип күлгөн кыз сыртка карай жүгүрүп кетти.

      Жакин сыртка чыкса ал шатыга чыгып, жаагын таянып отуруптур.

      – Эмнени ойлонуп калдың? – Жакин кыздын жанына келип, жылмая карады.

      – Эчтеке.

      – Жо-ок, бир нерсени ойлонуп жатасың.

      – Атыңыз Жакинби?

      – Ооба, эркелетип Жакин дешет.

      – Чыныгы атыңыз ким?

      – Жакыпбек.

      – Мен Жаныбек болсо керек деп ойлогомун.

      – Эмнеге?

      – Билбейм, негизи Жакин деп кыздарды айтышат го?

      – Балким, мени атамдар ошентишет.

      – Кайсыл окууда окуйсуз?

      – Тарыхчы болот го.

      – Жакшы экен.

      – Сенин окугуң келбедиби?

      – Менин шартым болбой калды, бирок эми деле убакыт бар деп ойлойм.

      – Албетте.

      – Жакшы эс алыңыз, мен жумушумду жасайын, – деп Кумарбү жылмая туруп кетти.

      Жакин да аны жылмая карап калды. Күнү кечке жумуш менен алышып, жаңы гана бүтүп калганда Өмүрбек жумуштан келип калды. Жанын койоорго жер таппай, жан дүйнөсүн эзген санаадан жабыркап, үйгө келсе Кумарбү менен Жакин дасторкондо чай ичип отурган экен. Кабак бүркөй отуруп калды, Кумарбү ага чай сунду.

      – Кел, Өмүрбек, иш кандай? – деди Жакин.

      – Жакшы.

      – Эмнеге кабагың бүркөө? – Кумарбү сурап койду.

      – Жайынча эле, – деп чыныны кармап, жооп берди Өмүрбек.

      – Ишиңде бирдеме болдубу?

      – Жо-ок, өзүмдүн көңүлүм жок.

      – Сүйгөн кызың менен таарынышып калган жоксуңбу? – деди Жакин күлө карап.

      – Сүйгөн кызга сүйөм деп айтуу оор болуп жатпайбы?

      – Эмне, мококсуңбу?

      – Андай эмес, бирок мүмкүн да эмес.

      – Кандайча?

      – Ошондойчо, аны ата-энеси күйөөгө бергени жатат!

      – Эмнеге? – Кумарбү аны жалт карады. – Эбак эле атамдарга

Скачать книгу